Новости

“Нооруз” – жаз менен кошо келген майрам

ОшМУнун ректораты жана профсоюз комитети тарабынан уюштурулган жаздын жарчысы болгон “Нооруз” майрамы ушул жылдын 20-мартында Ош шаарынын Сулайман-Тоо этегиндеги Алымбек Датка этнографиялык айылында салтанаттуу майрамдалды. Майрамдык иш-чараны өткөрүүгө университетттин студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы, башка кызматкерлери да активдүү катышышты. Бул жаз майрамына шаардык мэриянын, депутаттар Кеңешинин өкүлдөрү келишип ОшМУнун эмгек жамаатын, студенттерди, ошондой эле, жалпы шаардыктырды куттукташты. Студенттер кыргыздын улуттук ыр-бийлерин аткарышып, улуттук баалуулуктарыбыз болгон ар түрдүү оюн-таймаштар уюштурулду. Нооруз майрамынын символу болгон сүмөлөк кайнатылып, ак дасторкон жайылып, жакшы каалоо-тилектер айтылды.
2455 11:18 30-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 >|