Новости

карыялар күнүнө

1-октябрь “Карыялардын Эл Аралык күнүнө” карата ОшМУда иштеп жана ардактуу эс алууда жүрүшкөн карыяларга майрамдык сый тамак жана материалдык жардам берилди. ОшМУнун профкомунун төрагасы,доцент А.Аккулов., ар жылы октябрь айында ОшМУнун ардагерлерине арналган майрамдык сый тамак уюштурулуп, аларга профком тарабынан материалдык жардам берилип келе жаткандыгын айтуу менен быйылкы жылы бул майрам 9-октябрга коюлгандыктан сый тамакты Ректорат ал эми материалдык жардамды профсоюз комитети бере тургандыгын билдирүү менен профсоюз комитети тарабынан каражат бөлүндү. Жалпысынан 185 ардагерлердин ар бирине профком тарабынан 400(төрт жүз) сомдон ал эми 46 ардагерге ар бирине 700 (жети жүз) сомдон материалдык жардамдар берилди. Салтанаттуу сый тамакты уюштурууда; аппаратурага,сүрөт чыгарууга,транспортко тамак-аш азыктарын сатып алууга ж.б. уюштуруу иштерине кошумча каражатда профсоюз тарабынан колдоого алынды. Сый урмат көргөн агай- эжекелерибиз ОшМУнун жалпы жамаатына терең ыраазычылыктарын билдируу менен жакшы тилек, каалоолорун айтып кайтышты.
3574 11:05 13-11-2015

                 

Новости

|< 1 2 >|