Новости

ТТГФ, Туризм адистигинде өндүрүштүк практиканын жыйынтыгы чыгарылды.

Окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык, ОшМУнун ректорунун буйругунун негизинде ТТГФда Туризм адистигинде окуган 3-курстун студенттери 2018-жылдын 23-апрелинен 14-майга чейин Ош шаарындагы туристтик-ишкана мекемелерде өндүрүштүк практикада болуп келишти. Экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын доценти, К.Самев, улук окутуучу Д.Кеңешбаева жана окутуучу Ж.Султановдордун жетекчилигинде өткөрүлгөн практиканын жыйынтыктоочу конференциясы кафедрада 22-майда өткөрүлдү. Жалпысынан шаардагы 12 ишкана-мекемелерде өткөрүлгөн практика боюнча студенттер презентацияларды жасоо менен практика мезгилинде алган тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алай-Куу өрөөнүндө өткөрүлгөн этнофестиваль пркактика мезгилине туш келгендиктен, чет элдик туристтерди тейлеп, алып барууга туш келген студенттердин таасири өтө укмуш. Конференцияга Туризм адистигинде окуган 1-2-курстун студенттери дагы катышышты.
3061 10:02 23-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|