Новости

ТТГФда конок лекция окуду

10-май 2018-жылы табият таануу жана география факультетинде 600200-Туризм багытында окуган студенттерге Ош шаарында туризм ишмердүүлүгү менен алектенген ишкана-уюмдардын башын бириктирген "Destination OSH" бирикмесинин аткаруучу директору Абдисаламов Бексултан лекция окуду. Лекцияда, учурдагы Ош шаарындагы туристтик мекемелердин ишмердүүлүгү, бирикменин аткарып жаткан жумуштары, келечек максаттар ж.б. жөнүндө сөз болду. Студенттер, кантип жумушка жайгашуу, учурдагы туризм ишмердүүлүгүнүн азыркы абалы, келечеги жана башка маселелер боюнча суроолоруна жооп алышты. Destination OSH бирикмесинин башка мүчөлөрү менен дагы лекциялар мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турмак болду.
1872 11:12 11-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|