Новости

ОшМУнун ТТГФнин Экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын базасында "Жаңы экономикалык география: тереңдетилген деңгээл" аттуу семинар башталды

Аталган семинар Россия элдердин достугу университетинин (Россия), аль-Фараби атындагы Казакстан улуттук университетинин (Казакстан), Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Ош мамлекеттик университеттеринин ортосунда уюштурулууда. Аталган окуу жайлардан лекторлор келип доклад окушууда. Семинар 2018-жылдын 26- мартынан 31-мартына чейин уланат. Семинарга Кыргызстандын түштүгүндөгү ЖОЖдордун географтары, Ош шаарынын жана Ош облусунун географ мугалимдери катышып жатат. Семинарды ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент Расул Абазбек уулу ачып берди. Жыйынтыгында катышуучулар экономикалык, социалдык жана саясий география боюнча билимин жогорулаткандыгы тууралуу сертификатка ээ болушат.
2715 16:44 26-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|