Новости

Китепканачылар сыйланышты

“27-май Кыргыз Республикасынын китепканалар күнүнө” карата китепканачылардын кызматын баалоо максатында 2017-жылдын 20-майында жобо бекитилип, беш адамдан турган комиссия түзүлүп, иш ордунда номенклатуралык документтери, китепкана-окуу залдардын санитардык абалы, жумушчу орундарынын шарттары, техникалык коопсуздуктары текшерилди.

30-майда саат 15-00дө ОшМУнун маалымат-библиографиялык бөлүмүндө китепканалар күнүнө арналган иш чара болду. ОшМУнун жаңы технологиялар жана дистанттык билим берүү департаментинин директору, доцент А.Ч. Омаралиев китепкана кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Илимий китепкананын директору С.С. Мамбетова окуу жайдын ректорунун буйругун окуу менен Ош малекеттик университетинин илимий китепкансынын кызматкерлеринин билим берүүгө, илимге, маданиятка жана маалыматка кошкон чоң салымы үчүн жети кызматкер диплом жана ар бирине 3500 сомдон акчалай сыйлык берилди.

Ошону менен катар ОшМУнун китеп фондусунун санитардык абалын жакшыртуу максатында китепкана, окуу залдарга 10 даана чаң соргуч таркатылды.

1. Мыкты бөлүм – Маалымат-библиографиялык бөлүм

2. Мыкты китепкана – финансы-юридикалык колледжинин китепканасы

3. Мыкты окуу зал – медицина факультетинин окуу залы

4. Мыкты бөлүм башчы – Жапаркулова Салийма Меймановна

5. Мыкты башкы китепканачы – Эргешова Мисрат мамышовна

6. Мыкты улук китепканачы – Боромбаева Жамила Шерматовна

7. Мыкты китепканачы Жороева Кундузхан Эгеновна

2805 16:40 30-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|