Макала

Жылдыз Осмонова

Жылдыз Осмонова, «МоскваKG» газетасынын редактору:

«Жардам берүү үчүн бийлик, байлык зарыл эмес, эӊ башкысы каалоо, ниеттин болушу жетиштүү»

Сырткы миграциянын алгачкы жылдарында мекендештерибиз өздөрүн гана ойлошуп, тапкан-ташыгандары керт башынан, бул жактагы жакындарынан артпаган болсо, убакыттын өтүшү менен жүздөгөн, миңдеген мекендештерибиз ирденип, башкаларга жардамга колдорун сунуп, өзгөлөрдүн көйгөйлөрүнө кайдыгер карабай материалдык, каржылык, укуктук жактан жардам берип, жеңилин жерден, оорун колдон алып калышты. Ошондой мекендештерибиздин бири – Жылдыз Осмонова. Ал Москва шаарында эмгектенип, социалдык түйүндөр аркылуу башкаларды акча чогултууга чакырып, чогулган акчаны жардамга муктаж мекендештерибизге жеткирип, алардын көйгөйлөрүн чечип, түйшүктөрүн жеңилдетүүгө жумшап келет.

Биз атайын капчыгы калың болбосо да, бирок заманбап коммуникациянын жардамы менен кайрымдуулук, соопчулук иштерин жасап, жүздөгөн мекендештерибиздин ажаатын ачып келаткан мекендешибиз менен маек курдук.

- Жылдыз, Москвага келген алгачкы учурдан кеп салсаң. «Москва көз жашка ишенбейт» дегендей, турмушка катаал шаар бекен? Дегеле бул шаарга эмнени көздөп келдиң?

- Көпчүлүктөй эле мен да Москвага бакыт, ийгилик издеп келгем. Үч жылдын ичинде 5 миң доллар иштеп, аны менен Бишкекте иш баштасам, бутка турсам деген максатым бар болчу. Москвада мени курбу кызым тосуп алып, турак-жай жагынан жардам берди. Келерим менен интернет аркылуу официант болуп жумушка орноштум. Дегинкиси, эмгекти сүйгөн адамга бул шаарда мүмкүнчүлүк кеӊири. Ошондуктан Москва мага дароо эле жагып, бат эле көнүп кеттим.

- Социалдык түйүндөр аркылуу акча чогултуп, мекендештериңе колдоо көрсөтө баштооңо эмне себепчи болду?

- 2008-жылдын 31-декабрында, жаңы жылдын алдында бир тууган агам каза болду. Ал учурда биз сиңдим экөөбүз Москвада элек, анан 1-январда Бишкекке учакка билет алалы деп КРнын Москвадагы элчилигинин жанына келсек, эч ким жок. Бул жерде көптөгөн авиакассалар иштечү. Элчилик да, авиакассалар да жабык, бир адам жок. Элчиликтин алдында эл котолоп, бир аял шолоктоп ыйлап, эмне кылар аргасын билбей олтуруптур. Көрсө, анын иниси каза болуп, анын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтө албай айласы куруп турган экен. Ошондо мага «эгер агам Бишкекте эмес, Москвада кайтыш болгондо, анын сөөгүн сиӊдим экөөбүз кантип алып кетмекпиз» деген ой келип, тигил аялды көпкө чейин унута албай жүрдум. Кийин социалдык тармак аркылуу Кыргызстандагы бир кыздын операциясына 5 миң доллар керектигин кокусунан билип калдым. Ал Фейсбуктагы баракчасына ыр жазыптыр. Аны окуп алып, жаным жай албай калды. Ыр аябай таасирдүү жазылгандыктан, жүрөгүмө тийди. Анан ага жардам бергим келип, социалдык тармакта баракчама жазып, акча чогулта баштадым. Көп адамдар байланышып, кандай жардамдарды бере алышарын сурап жатышты. Керектүү акча чогулду.

- Аракетиңдин, убактыңдын баары текке кеткенине өкүнгөн жоксуңбу анан?

- Чынын айтсам, мен көп учурда «…болду, эми башка бирөөлөр үчүн акча чогултпайм, мындай иш-аракетимди токтотоюн» деп ойлоном. Бирок кимдир бирөөлөр жардам сурап кайрылса, алардын жардамга муктаж болуп турганын көрүп, кайра эле башкаларга кайрылып, жардам берүү үчүн акча чогулта баштайм. Менин чакырык, кайрылууларыма кайдыгер карабай, жардам бергиси келген мекендештерибиздин бар экендиги мени кубандырып, дем, күч берет.

- Сен Москвада эмессиңби, Орусиянын башка аймактарындагы мекендештердин да жардам сурап кайрылгандары болобу?

- Биздин ишибиз Москва менен чектелбейт, аймактардан да көп кайрылышат. Көп учурда маркумдун сөөгүн КРга жөнөтүү маселелери менен чалышат. Андай учурда мен консулга байланышам, ал ошол жактагы диаспоранын номерин берет. Ал жердеги адамдарга маселе жөнүндө айтсам, алар топтолушуп, өз жардамдарын беришет.

- Ушундай кайрымдуулук, соопчулук иштерин баштагандан бери өзүңдүн жумушуӊа убактың тарып, ал үчүн өкүнгөн жоксуңбу? Кээде жардам берүүгө акча чогулбай, натыйжасы жакшы эмес болуп калса жүрөгүңө оор тийбейби?

- Мен бир нерсеге биротоло ынандым. Адам өзү кааласа, убактысын туура пайдаланып, баарына жетишсе болот экен. Өкүнгөн эмесмин, өкүнө турган болсом, анда баштабашым керек болчу да. Кээде гана ызаланып калчумун. Натыйжасы жаман болуп, маанайым чөккөн учур бир да жолу боло элек. Тескерисинче, көп учурда мен күткөндөн, мен ойлогондон да жакшы болуп, өз ишимден канааттануу, рахат алам. Бул мени андан бетер шыктандырат. Буга дагы кошумча, жардамыбыз тийген адамдар телефон чалып, майрамдарда куттуктап, жакшы сөз, каалоолорун айтып турушат. 7-кабаттан кулаган Канайымдын апасы ар бир майрам сайын чалып, рахматын айтып, ишиме ийгилик, өзүмө ден-соолук каалайт. Ушундай адамдар да мага дем, күч-кубат берет. Баары элдин колдоосу, жардамы менен болуп жатат. Мен болгону жардам берүүнү уюштуруп, көпчүлүктүн жардам кылуу ниеттерин ишке ашырып келатам. Көпчүлүк колдоп, мага ишеним артып жатышкандыктан, жасап жаткан иштериме кол шилтеген учурум боло элек.

- Негизинен ишмердигиң социалдык тармактарда жүргөндүктөн, ал жактан көп тааныш, досторду күтсөң керек…

- Ооба, туура айтасыз, баары менен социалдык тармактар аркылуу таанышмын. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда жашап, иштеп жүргөн кыргыздар менен да байланышым бар. Алар да кээ бир жарыяларга кошулушуп, өз жардамдарын берип калышат. АКШнын Чикагосундагы кыргыздар менен мамилем аябай жакшы. Жакында МФТИнин бир студенти илимий доклад менен Чикагого барганы жатат. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин студентти Чикагодон тосуп алып, турак-жай менен камсыз кыла турган болушту. Ал эми жол киресин бул жактагы мекендештерибиз төлөп беришет.

- Боордоштук акциялары менен бирге башка долбоорлорду ишке ашыруу оюңда жокпу? Мисалы, бизнес же башка жаатта дегендей?

- Биз социалдык тармактар аркылуу кайрымдуулук гана эмес, окуу, билим, илим багытында да жардам берүү, колдоого алуу иштерин жүргүзүп келебиз. Былтыр Казань университетине окууга өткөн Ак-Суу районундагы 5 жетим балага авиа билеттерин алып берип, тамак-аш, турак-жайларына керектүү акчаларды чогултуп бергенбиз. Бүгүн алар жакшы окушуп, бизди сүйүндүрүп жатышат. Буйруса, келечекте социалдык тармактарды колдонуу менен Кыргызстанга чакан инвестицияларды тартуу долбоорлорун ишке ашыруу оюмда бар. Убакыт-сааты келгенде ал ойлорум да ишке ашат деп ойлойм.

- Купуя сыр болбосо, келечектеги пландарыӊ жөнүндө окурмандарыбыз менен бөлүшсөӊ?

- Ачыгын айтканда, ойлор, пландар көп. Жеке пландарым менен бирге коомчулукка, элге пайдасын бере тургандары да бар. Алардын ишке ашарына көзүм жетип, ишенип турам. Сурап калдыңыз, алардын бирин айта кетейин. Кыргыз продукцияларын сата турган интернет-дүкөндү ишке киргизейин деп атам. Ал эми коомчулуктун иштери боюнча айтсам, «Боордоштор» кайрымдуулук фондун каттоодон өткөрүп, анын ишин алга жылдыруу максатында дүйнө жүзүн кыдырып, мекендештер менен жакындан таанышып, жардам бере турган адамдардын катарын көбөйтүүнү көздөп жатам. Муну менен Кыргызстандагы ооруканаларды заманбап медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу, дарыгерлердин билим деңгээлдерин жогорулатуу, аларды тажрыйба алмашуу үчүн чет жактарга чыгаруу, чет жердеги кымбат баалуу операцияларды Кыргызстанда жасоого жетишүү сыяктуу макстаттарды коюп жатам. «Жакшы тилек – жарым ырыс» демекчи, аракет кылсам, ден-соолугум чың болуп турса, бул максаттарыма жетем деген ишеничим чоң.

Жакынкы пландарымдан айтсам, 1-2-августта Ошто өтчү «Мекендештер форумуна» катышам. Мекендештерибиз менен ой бөлүшүп, тажрыйба алмашууга эмитен эле даярданып жатам. Буйруса, 17-июлда Кыргызстанга барып, 5-августка чейин мекенимде болом. Жетим балдар үйлөрүн кыдырып, алардын абалы менен таанышам. Анткени, активист Игорь Беляев Кыргызстандагы Жетим балдар үйлөрүнүн камкордук кеңешинин курамына кирүү сунушун айткан. Игорь кыргызстандык Иса Мубараков деген казак жигиттин жардамын Кыргызстанга жөнөтүп турат. Жекшемби күнү башкалар эс алып жатканда, Иса жетим балдарга жардам чогултат. Иса «Боордоштор» фондунун ушул бөлүмүн колго алууну көздөөдө.

Жетим балдар үйлөрүнө жардам берүү ниетиме Москвадагы тигүү цехинде болгон өрт себепчи болду. Ошондо биз жолдошу менен 4 жашар уулун жоготкон келиндин жаңы төрөлгөн ымыркайына кийим-кечек, керектүү нерселерди чогултканбыз. Элдер аябай телефон чалышып, жардамдарын берип, акчаларын которуп жатышты. Бат эле көптөгөн кийим-кечек, 57 миң рубль акча топтолду. Ушундай жол менен Кыргызстандагы жетим балдар үйлөрүнө жардам кылсак болорун ойлоп койгом.

- Баса, сенин «Москва KG» гезитин чыгарарыңды да билебиз…

- Ооба, журналисттик билимим жок болсо да гезит чыгарып келатам. Бирок гезит сатуу ишинде кичинемден иштеп калган жайым бар. 9-класста окуп жүргөнүмдө «Вечерний Бишкек» басылмасынын жанындагы гезит базардан Ысык-Көлгө гезит жөнөтчүмүн. Көлдөн эжем тосуп алып, Көл аймагына сатып, акчасын жөнөтүп турчу. Кийинчерээк №2 төрөт үйүнүн маңдайынан гезит күркөсүн иштеткем. Ошентип апама жардам берчүмүн.

«Москва KG» гезитимди аэропорттон эле таратууну көздөгөм. Азыр медициналык борборлордон, элчиликтен таратам. Эми буйруса Москвадан да күбөлүк алайын деп атам, ошондо гезит эки жерден чыга баштайт. Гезит чыгаруу бир жагынан байкемдин жаркын элесине арналып калды. Анткени, ал каза болгонго чейин гезит чыгарсам деген максаты, ниети бар болчу. Анын ниетин мен ишке ашырдым.

- Кайрымдуулук жаатында ишмердигиңдеги унутулгус окуялардан айтып берсең… - Бир окуя такыр эсимден кетпейт. Ал убакта кыш мезгили эле. Нарындык бир адам кайтыш болуп, анын сөөгүн Москвадан туулган жерине жеткирүү керек болду. Адатта маркумдун жакындары бат эле керектүү акчаны чогулта коюшат. Бирок ал адамдын эч кимиси жок экен. Ошондо Москванын четинде жүк ташып иштеген бир бала мага байланышка чыгып, №200 жүктү Кыргызстанга жөнөтүүгө деп бир айлык маянасын алып келип берген. Ишенесизби, бир айлыгын толугу менен алып келип, колума карматкан.

- Кайсыл иш-аракетиңдин натыйжасы менен сыймыктанасың?

- Бир жолу №200 жүккө чогулган акчаны маркумдун жесирине жөнөткөндөн кийин карточканын эсебине 100 рубль которулуп калды. Анан ал акчаны эмне кылам деп ойлонуп, эгерде ар бир адам ай сайын 100 рубльдан которуп турса, чогулган сумманы жардамга муктаждарга берип турсак кандай болот? – деп ойлодум. Бул оюмду социалдык тармактарда бөлүшсөм, башкалар жакшы кабыл алышып, колдой башташты. Анан акция ийгиликтүү өтүп, чогулган акчага Оштон Адахан деген кичинекей наристенин рак дартынан дарылануусуна жөнөтүп турдук. Акцияга Москвадан бүтүндөй эмгек жамааттары жапырт катышты. Бүгүнкү күндө Адахан куландан соо болуп, балалыктын бактылуу күндөрүн өткөрүп жатат.

100 рубльдан чогулган акчаны көптөгөн оорулуу наристелерди дарылоого жумшадык. Мисалы, ай сайын Кыргызстандагы рак илдетине чалдыккан бөбөктөргө керектүү дары-дармектерди жөнөтүп жаттык. Холоксан деген дары Бишкекте 7500 сом. А Москвада 1400 рубль турат. Бир айда чогулган 20-22 000 рублга алган дары Кыргызстандагы баа менен 100 миң сомдук дары болот. Мындай жардамдар даректүү көрсөтүлөт.

Кыргызстанда Султан Стамбеков деген онколог врач бар. Ал киши дары алууга мүмкүнчүлүктөрү жоктордун, жашоо-шарты оорлордун тизмесин берет. Биз ошол үй-бүлөлөргө жөнөтчүбүз. Мен атайын акча чогулткандар үчүн социалдык тармактарда отчет берип, жыйынтыгын жазып турам. Жардам көрсөткөн балдардын сакайып кеткендери видео аркылуу Орусиядагы мекендештерине рахматтарын айткан учурлар да көп эле болду. Баары ачык, айкын болсо жакшы экен, ошол үчүн да менин кайрылууларыма, чакырыктарыма кайдыгер карашпай жардамдарын беришет деп ойлойм. Анткени, чогулган акча даректүү жумшаларына ишенишет, демек, бул алардын мага ишенишкендиги деп билем. Кээде акча чогулталы деп кайрылбасам деле атайын жумушума келишип, жардамга муктаждарга бергиле деп акчаларын таштап кетишет. Чындыгында чын ниетинен, чын жүрөгүнөн жардам бергиси келген мекендештерибиз көп.

- Сен мындай иш-аракеттериң менен түпкүлүгүндө мамлекет жасачу иштерди аткарып жатканың жөнүндө ойлодуң беле?

- Мамлекет жасабады деп арызданбайм, кылган иштеримди колко да кылбайм. Эмнеге антишим керек? Эгерде адам чындап бирөөгө жардам бергиси келсе, ал сөзсүз жардам бере алат. Бизде негедир депутаттар, бай адамдар жана бийликтегилер гана жардам беришет деп ойлошот? Бирок минтип ойлоо туура эмес! Турмушта дээрлик бардык учурда жөнөкөй, карапайым адамдар жардамга колдорун сунушат. Жардам берүү үчүн бийлик, байлык зарыл эмес, эӊ башкысы каалоо, ниет болушу керек. Ар бир адам аздан болсо да жардам бере алат. «Көп түкүрсө – көл болот» деп элибизде бекеринен айтылбайт да.

Мени дүйнөнүн ар кайсы тарабында жашаган мекендештердин чын жүрөктөн, таза ниет, ак дилден жардам беришкени кубандырат. Мекендештеримдин баарына чың ден-соолук, иштерине ийгилик, бардарчылык каалайм!

Абдыжапар Нурдинов,

Мирлан Дүйшөнбаев

Жылдыз Осмонова: Мен болгону жардам берүүнү уюштуруп, көпчүлүктүн жардам кылуу ниеттерин ишке ашырып келатам.
1676 13:52 21-07-2016

                 

Макала

|< >|