Макала

Аргымбаева Айкан Молдалиевна

Аргымбаева Айкан Молдалиевна Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылы, Кызыл-Жылдыз кыштагында төрөлгөн. Кесиби – товаровед. Россия Федерациясынын аймагындагы Краснодар шаарында жашайт.

«Биз да бала болгонбуз»

«Чаек айылынын Кызыл- Жылдыз кыштагы, андагы Калык Акиев атындагы орто мектебинде менин окуучулук күндөрүм, балалык курагымдын эң керемет учуру өттү. Айылдын четинде классташ балдар менен кыздар кышкысын лыжа, муз тээп, жайкысын сууга тушуп, ак чөлмөк, орто топ, волейбол сыяктуу оюндарды ойноп, ынтымактуу өстүк. Мектепте активистка элем, кыздарды, балдарды жыйналышка салып тартипке чакырып, ага болбосо дубал газетага чыгарып коёр элем. Мектептин директору Асеин Ашымов агайыбыз сөз менен уяткарып, тамашага аралаштырып сүйлөп, баардыгыбыздын тилибизди таап мамиле кылган адам эле. Бизди окутуп, таалим-тарбия берген ошол агай-эжейлериме таазим кылам.

Атам Аргымбаев Молдалы 1904-жылы төрөлүп, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу болгон. Мен 6 жашка чыкканымда бул дүйнө менен кош айтышты. Апам Осмоналиева Салкын 1922-жылы төрөлүптүр. Айылдык дүкөндө 30 жылдан ашуун эмгектенип, «сооданын отличниги» жана башка көптөгөн орден, медаль, грамоталар менен сыйланып, 10 баланы өстүрдү. Атам менен апам элдин сый, урматына ээ болуп, бардык балдарына татыктуу тарбия, билим берген эң мыкты ата-эне болушкан деп сыймыктануу менен айта алам».

Албан турмушка аттанып…

«Политехникалык институттун технологиялык факультетине тапшырып, конкурстан өтпөй калганда Айбанчылык чарбасында норка бактым. Алгачкы эмгек жолум ошол жерден башталып, кийин «Фрунзенский Прядильный» фабрикада иштедим. Кийинки жылы документтерим туура болбой калып, окууга 1984-жылы тапшырдым. Бирок, баягыдай эле конкурстан дагы кулап, айласыздан Фрунзедеги соода техникумуна тапшырууга туура келди. Андан 1986-жылы «товаровед не промышленных товаров» деген кесипке ээ болуп чыктым. Ошол учурда апам ооруп калганына байланыштуу айылга кетүүгө туура келип, жогорку окуу жайына тапшыра албай калганыма азыркыга чейин өкүнөм.

Ошентип Жумгал районунун Чаек айылында РайПОдо эки жыл завмаг болуп эмгектендим. Аял затына үй тиричилиги көбүрөөк тиешелүү эмеспи, турмушка ала качуу жолу менен туш болуп, «таш түшкөн жеринде оор» болуп, бала күтүп, үй тиричилиги менен алышып, бир топко иштебей калдым. Анан коомдун түзүлүшү өзгөрүп кеткендигине байланыштуу жер которуп, Бишкек шаарына көчүп келип, «базар экономикасында» «Аламедин» базарында соода кылдым. Турмуш-шартка карап Ивановка бекетинен үй алып, отурукташып калдык. 2002-жылы «Бухгалтер со знанием компьютера» курсун бүтүрдүм. Жашоодо активистка болгондугума байланыштуу жергиликтүү айыл өкмөтүнө шайлоо комиссияларына аралашып, коомдук иштерге катышып, семинарларга барып жүрдүм. 2004-жылы март айында ишсиз аялдар менен кеңеш куруп, бейкмөт «Нур-зоболо» коомдук уюмун уюштуруп, жетекчи болуп шайландым. Чет өлкөлүк жана жергиликтуу коомдук уюмдар менен байланышып «Красный крест» уюму менен биргелешип долбоор жазып, кесипчиликке окутуу, ишсиз аялдарга, жакыр үй-бүлөлөргө, жалгыз бой, кароосуз калган кары адамдарга жардам берүү багыты боюнча иш жүргүздүм. Бул уюм азыркы күндө да ишмердүүлүгүн татыктуу улантууда».

Мигранттык жашоодон баян

«..Жашоодо көптөгөн сыноолорго кабылат экенсиң. Турмуштун жолу ар кыл болгондугуна байланыштуу 21 жыл чогуу өмүр сүргөн адамым менен бөлүнүүгө туура келди. Төрт балам менен шаарга келип, өзүмчө туруп калдым. Ошол учурда 1000$ акы төлөгөн жумушка чакырган жарыя тууралуу таанышым айтып, чогуу барып иштеп келүүнү сунуш кылды. Кыйылып жатып макул болуп, 2009-жылы 1-майда Краснодар аймагынын Успенка айылындагы кондитердик цехте иштегенге 22 аял, 2 бала болуп келдик. Анан жарыяда айтылган акчаны таба албай, туш тарапка таркап кеттик. Чет жерде иштин көзүн билбей, акча таба албай жарым жыл кыйналып, акыры Краснодар шаарына качып келдим. Шаардын тургундары жөнөкөй, жакшы адамдар экен. Бир нерсени сурап калсаң, жан дили менен жооп айтып, кеңештерин беришет. Анан калса, шаардын көп жери Бишкекке окшош болуп кетет. Ошентип ал шаарда ар кыл иштерде иштедим. Бир күнү китеп сатып жүрүп, Краснодар аймактык коомдук уюмуна туш болдум. Ал жерде уч мамлекеттин (Кыргыз,Таджик, Озбек) элинин кызыкчылыгын коргоп, маданиятын тааныткан, эмгек мигранттарына жардам берген «Содействие» комдук уюмунун жетекчиси Нагзибек Наврузшоев менен тааныштым. 2010 жылы февраль айында документтеримдин тууралыгы жөнүндө кеңеш алганы «Содействие» коомдук уюмуна барсам, уюмдун жетекчиси Кыргыз диаспорасы боюнча иш алпаруу сунушун кайталап, мурда Алтынай аттуу эже иштеп кеткендигин айтты. Ошондо өзүмдүн кыйнчылык тарткан кундорумду ойлоп, жумуштан бош күндөрү келип турганга макул болдум. Ошентип 2-3 айдын ичинде 40тай кыргыз жигиттерин издеп таап, жолугушуп кайттым. Москвадагы Кыргыз Республикасынын консулдук кызматына байланышка чыгып, атташе Чыналиев Рыскулбек Автандилович менен таанышып, «Содействие» уюмунун офисин көрсөтүп, кеңеш сурап, иш жүргүзсө боло тургандыгын тастыктадым. Ал кандай суроолор болсо да кайрылып турушумду айтып 5000р. жардам катары берип кетти. Ошондон кийин кыргызстандыктарды бири-бири менен тааныштыруу учун Рождественский паркында жыйын өткөрүп, футбол оюнун уюштурдум. Акырындап кыргыздардын саны көбөйүп, ар бир майрамды шаан-шөкөттүү өткөрүп жатабыз. Жаман айтпай жакшы жок демекчи, кайтыш болгон жердештерибизди мекенге узатууда (груз-200), ар кандай майрамдык, спорттук кечелерди өткөргөндө Краснодар аймагындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Алексей Чиналиев материалдык жардам көрсөтүп турат».

Мекен жөнүндө ой

«Ар бир акыл эстүү инсан төрөлүп өскөн жерин, Мекенин ар дайым жакшы жагынан гана көргүсү келет жана аны өркүндөтүш үчүн кам көрөт деп ойлойм. Мен кыргыз болгонума көп жерде сыймыктанам. Акылман ата бабалардан калган таберик – макал-лакаптардын тарбиялык мааниси зор. Жерибиздин касиеттуулугу, суубуздун тунуктугу, жаратылышыбыздын сулуулугу, элибиздин меймандостугу, улуттук кийимдеринин жарашыктуулугу мени өтө кубандырат . Ал эми Манас эпосунун сөз менен айтып бүтпөс керемети биздин элдин улуулугун далилдейт. Биздин элге Кудайым акыл токтотуп иш кылганга жол берсе, айтып бүткүс кооз-керемет, кичинекей өлкөбүздү өнүктүрүп кетерибизге ишенем».

Абдыжапар Нурдинов

1946 13:38 21-07-2016

                 

Макала

|< >|