Новости

АГИде “Адамдык мамилелерди өнүктүрүү жылына” арналган илим жумалыгы өттү

Үстүбүздөгү жылдын 23-27-апрель күндөрү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде “Адамдык мамилелерди өнүктүрүү жылына ” арналган илим жумалыгы болду. 23-апрелде “Дин – адептүүлүккө тарбиялоонун булагы” деген темада окутуучулар арасында илимий-практикалык конференция, 24-апрелде “Адамдык асыл сапаттарды калыптандырууда диний баалуулуктардын ролу” аттуу факультеттин студенттери арасында студенттик илимий-практикалык конференция, 25- апрелде “Адамдык мамилелерди өнүктүрүүдө диндин орду” аттуу темада Кыргызстандагы дин таануу жана теология факультетинин студенттери арасында студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга ОшМУнун теология факультетинен доцент Арипов Н. жетектеп келген студенттер, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультетинин жана дин таануу факультетинин студенттери катышты. 26- апрелде адистик предметтер боюнча доктор Жусупов М. жана доктор Мурадилов С. студенттер аралык жарыштар өткөрүлдү. 27-апрелде жалпы билим берүүчү предметтер кафедрасы тарабынан окутуучулар тарабынан Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” аттуу илимий конференция болуп өттү. Бул иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер жигердүү катышып, 27-апрелде илимий жумалыктын жыйынтыгы чыгарылды. Жыйындын соңунда “2018-жыл Адамдык мамилелерди өнүктүрүү жылына” карата илимий жумалыкта баяндама жасаган окутуучуларга жана студенттерге сертификат жана кызыктыруучу баалуу белектер тапшырылды.
2720 16:42 02-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|