Новости

АГИде “Белегим куран болсун” долбоору алкагында Ыйык Куран таратылды

Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Арашан гуманитардык институтунда, Ош мамлекеттик университети жана Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгы тарабынан кыргыз тилине которулуп чыккан Ыйык Куран китеби, Түркия Респуликасынын Диянет Фондунун “Белегим куран болсун” долбоорунун алкагында институттун профессордук-окутуучулар курамына жана студенттерине акысыз таратылды. Иш чарага Туркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Дин иштери боюнча Кеңешчиси Шемсеттин Үнал, Мустафа Шанвер, Түркия Республикасы Диянет Фондунун генералдык директорунун орун басары Абдуррахман Четин, ОшМУнун теология факультетинин декандын орун басары Ферхат Гөкче, Доктор Ниязали Арипов жана окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты. Иш чараны дин таануу факультетинин деканы С. Базаркулов ачып, доцент Т.А. Жоробеков, ф.и.к. Октай Четин куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, келген коноктордон Дин иштери боюнча Кеңешчи Шемсеттин Үнал, Түркия Республикасы Диянет Фондунун генералдык директорунун орун басары Абдуррахман Четин, ф.и.д., профессор Н.К.Саралаев жана ОшМУнун теология факультетинин декандын орун басары Ферхат Гөкченин сөздөрү менен коштолду. Аягында Кыргызстанга жана инстиутутубузга көрсөткөн көмөктөрү үчүн Түркия Республикасы Диянет Фондунун генералдык директорунун орун басары Абдуррахман Четин мырзага ыраазычылык билдирилип, ак калпак менен чепкен кийгизилди.
3293 16:01 20-12-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|