Новости

АГИде Улуттук адабият күнү белгиленди

Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрь күнү ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунда 12-декабрь «Улуттук адабият күнүнө» карата кече болуп өттү. Кечени дин таануу факультетинин деканы С. Базаркулов сөз сүйлөп, ачып берди. Андан кийин институттун окутуучусу профессор Акматова Ашырайым эжеке Кыргыз адабияты жөнүндө баяндама жасады. Кечеге Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөлөрү да катышып, Ч. Айтматов жөнүндө бир канча эскерүүлөрүн бөлүшүштү. Кечеде студенттер тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа тартууланды. Программада Айтматовго арналган ырлар, чыгармаларынан алынган монологдор окулуп, Айтматовдун чыгармаларынан алынган атайын сахналаштырылган көрсөтүүлөр тартууланды.
2097 16:53 19-12-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|