Новости

АГИде “Ыйман, адеп жана маданият жылына” арналган илим жумалыгы башталды

Бүгүн 18-апрельде Арашан гуманитардык институтунда “Ыйман, адеп жана маданият жылына” арналган илим жумалыгынын ачылышы болуп өттү. Бул иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышып, илимий жумалык институттун директору Т. Жоробеков жана факультеттин деканы С. Базаркулов куттуктоо сөздөрү менен ачылды. Андан соң профессордук-окутуучулар курамдын “Ыйман, адеп жана маданият жылына” арналган илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Конференцияда доц. С. Базаркулов, доц. А. Эрматов, п.и.к., профессор А. Акматова жана Окутуучу К. Айдарбековдор баяндама кылышты. Баяндаманын аягында окутуучулардын жана студенттердин суроо-жооптору менен жыйынтыкталды. Эскерте кечтү нерсе: Арашан гуманитардык институтунда 18-21-апрель аралыгындагы күндөр илим жумалыгы деп жарыяланып, бул күндөрү ар түрдүү илимий иш чаралар өткөрүлмөкчү.
2953 17:33 20-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|