Объявления

Кесиптик майрамыңыздар менен урматтуу окутуучулар!

Урматтуу ОшМУнун профессордук-октуучулар жамааты жана жалпы Кыргызстандын окутуучулары! Сиздерди 5-октябрь «Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамыңыздар менен Арашан гуманитардык институтунун жалпы жамааты чын жүрөктөн куттуктайбыз. Жараткан ар бириңиздерге чын ден соолук, бекем ыйман жана үй-бүлөлүк бакыт ыроолосун. Азирети Алинин «Мага бир тамга үйрөткөндүн кырк жылы кулу болоюн» деп айтканындай, окутуучуларга канчалык сый-урмат көрсөтсөк да аздык кылат. Түйшүктүү жана жооптуу кызматыңыздарды талбай, улут, мекенибиз жана жаркын келечегибиз үчүн эмгектенип келесиздер. Инсанга жарыктыкты жана бактылуулукту үйрөткөн эмгек жолуңуздарда сиздерге ийгилик каалап, сиздер менен сыймыктанабыз. Өлкөбүздүн ыймандуу, намыстуу жана кайратуу, мекенчил келечек ээлерин тарбиялап өстүрө беришиңиздерге тилектешпиз. ОшМУ Арашан гуманитардык институтунун жамааты
4455 10:34 05-10-2015

                 

Объявления

|< 1 >|