Новости

“Ачык сабактардын эки жумалыгы” иш-чарасы старт алды

Медицина факультетинин “Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен” кафедрасында 2015-2016 – окуу жылынын 1-семестрине карата пландаштырылган “Ачык сабактардын эки жумалыгы” (23.11.15 – 04.12.15 ж.) иш-чарасы старт алды. Алгачкылардан болуп кафедранын окутуучусу К.Козуевдин “Клиникалык анатомия” предмети боюнча “Сосуды и нервы бедра и подколенной ямки” аттуу темада ачык сабагы жана м.и.к., доцент Б. Кенешбаевдин “Топографическая анатомия органов шеи” аттуу темада ачык лекциясы өткөрүлдү. Сабактарга кафедра башчысы, доцент К. Сакибаев, завуч, м.и.к., доцент Ж. Муратова жана усулдук иштер боюнча жооптуу, улук окутуучу М. Нуруевдер катышып, сабактардын уюштурулушу, жүрүшү боюнча өз ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты. Окутуучулар тарабынан түзүлгөн сабактын иштелмелери боюнча толуктоолор, өзгөчө, калыптандыруучу компетенциялар туралуу маселелер талкууланды. Өткөрүлгөн сабактар боюнча түзүлгөн протоколдор атайын журналга катталды.
6658 14:07 30-11-2015

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|