Новости

“Русский язык – язык мира и дружбы”

27-апрель күнү Кыргыз-Кытай факультетинде улуу жазуучу Ч.Атматовдун 90-жылдыгына карата “Русский язык – язык мира и дружбы” аттуу темада конкурс болуп өттү. Иш чараны ачып берүү үчүн ОшМУнун тарбия жана социалдык иштери боюнча проректору Түмөнбай Рахманович Колдошев жана Конфуций Институтунун Кытай тараптан директору Лию Вэй Чиен мырза сөзгө чыгышып, улуу жазуучунун чыгармачылыгы,дүйнөлүк адабияттагы орду,чыгармаларында козголгон дүйнөлүк масштабдагы актуалдуу маселер тууралуу кеп козгошту. Конкурс аябай кызыктуу өтүп катышуучу командалар төмөнкү баскычтар боюнча күч сынашышты: 1)Көркөм ыр окуу.2)Мыкты дубал гезит. 3)Ч.Атматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүш 4)Орус тилиндеги элдик ырлар. Сынактын жыйынтыгында ККИс 9-4-17 тайпасы жеңүүчү болуп табылды жана жалпы катышкан командалар диплом жана белектер менен сыйланышты.
2638 20:08 02-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|