Новости

Ош МУнун ректору менен жолугушуу

Ош Мамлекеттик Университетинин ректору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Иш чаранын жүрүшүндө Каныбек Абдуваситович, Кытай тараптан Конфуций институнун түптөлүшүнө салым кошкон Гуо Вейдун мырза, факультеттин деканынын милдетин аткаруучу Мирлан Эсенбаевич баш болгон мугалимдер жамааты жана студенттерибиз катышты. Ректор Кыргыз-Кытай Факультетине жаныдан кадам таштаган студенттерибизди жаны окуу жылы менен куттуктап, окууларына жетишкендиктерди каалады. Студенттерибизге эн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп берилгендиги жөнүндө алкыш сөздөр айтылды. Буларга: 5 кабаттуу жаны заманбап окуу корпусу, спорттук залы жана факультеттин өзүнүнүн заманбап кыргыз стилиндеги 5 кабаттуу жатакана, эн жогорку кабаты боз үй тибиндеги мейманкана, алдынкы кабаты студенттик ашкана кирет. Ректорубуз өз сөзүндө факультетти түптөө иштеринин башталышын эскере кетти. 2013-жылы Факультетибиз Конфуций институт болуп түзүлүп, Борбордук китепкананын 3 кабатына алгачкы студенттерибизди кабыл алып, 2017-жылы окуунун бакалаврдык системасында 4 жыл билим алып, 62 студентибиз ийгиликтүү бүтүрүштү. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн көпчүлүгү кытайга эки жылдык жана төрт жылдык магистратурага кетишти. Азыркы учурда факультетибизде 700д өн ашык студент, 18 жергиликтуу окутуучулар жана 31 кытай тараптан келген окутуучу-волонтерлор билим берет. Гуо Вейдун мырза:" Конфуций институнун ар бир жетишкен ийгилиги бул студенттердин талыкпай окууга жана маданий иш чараларга берилүү менен катышкандыгында экендигин баса белгиледи. Конфуций институ дүйнөдөгү 517 институттун ичинен жалгыз өзүнүн окуу корпусу жана 4 жылдык бакалавр системасында окутуп, диплом берген жалгыз институт болуп саналат. Биздин институттун жаны имаратка жетишүүсүнө Ректорубуздун жана Конфуций институнун эмгек жамаатынын салымы зор. Конфуций институ эки элдин достугу, дүйнө элинин достугу, дүйнө элинин көпүрөсү"-деп атады. Факультетибиздин деканынын милдетин аткаруучу, доцент Манашов Мирлан Эсенбаевич өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду. Азыркы мезгилде убакыт табып, жолугушуу өткөрүү кыйынчылыкка турат. Ошого карабастан алтындай убакытты бизге бөлүп келип, студенттерге жана жамаатка айткан накыл сөздөрү менен позитив көз карашты ойготкону үчүн ыраазычылык билирди.
3461 09:42 19-09-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|