Новости

“Квалификациялык-өндүрүштүк практикага багыттоо” конференциясы болуп өттү

13-апрель күнү саат 12:00дө ФЮКтун ФМИТ кафедрасы студенттерди Квалификациялык-өндүрүштүк практикага багыттоочу конференциясын өткөрүштү. Конференцияга ФМИТ кафедрасынын башчысы, доцент Г. Калдыбаева, кафедранын окутуучулары жана бүтүрүүчү курстар, тактап айтканда ПК1-15, ПР3-15 жана ПК11-1-16 тайпалары катышышты. Кафедранын практика боюнча жооптуу окутуучусу Акназарова Сүйүмкан студенттерге практиканын жүрүшү, күндөлүк толтуруунун эрежелери, отчет жазуу жана баалоонун критерийлери тууралуу кенен маалымат берди. Студенттер өздөрү кызыккан суроолорун берип, усулдук жактан жардам алышты.
2388 15:58 13-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|