Новости

Кесипке багыт берүү иштери

Кесипке багыт берүү иштери

11-апрель күнү “Бухгалтердик эсеп жана финансы” кафедрасынын окутуучулары: Калбекова М., Акылбек кызы А., Исаков К. Өзгөн районундагы Зергер айыл өкмөтүндөгү №78 М. Жолдошалиев, №23 С. Жаныбеков, №25 Б. Келдибаев, №47 Д. Шопоков мектептеринде кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп келишти. Кесипке багыт берүү иштеринин жүрүшүндө “Ар бир кесип ардактуу ”, “Адам баласы жашоосунда, кесипти туура тандоо керек”, “Ар бир адам өзүнүн ички жөндөмүнө жараша кесибин тандоо маанилүү” деген темаларда эркин пикир алмашуу болду. Андан тышкары университеттеги өнүгүүлөр, андагы адистиктер боюнча кеңири маалыматтар берилип, буклеттер таркатылды.

2402 15:33 12-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|