Новости

“Негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттарына ылайык күтүлүүчү натыйжаларын жана компетенцияларын калыптандырууда колледж менен өндүрүштүн байланышы” аттуу тегерек стол

6-апрель күнү саат 10:00 Финансы-юридикалык колледжинин Физика, математика жана информациялык технологиялар кафедрасы тарабынан “Негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттарына ылайык күтүлүүчү натыйжаларын жана компетенцияларын калыптандырууда колледж менен өндүрүштүн байланышы” аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго ФЮКтун директорунун м.а., э.и.к., доцент Исаков Н. Ж., ФМИТ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Калдыбаева Г.А., Кыргызтелеком ААК маалыматтык техникалык камсыздоо тобунун начальниги Мамытов Э.Ш., Газпром Кыргызстандын Оштогу филиалынын инженер-программистти Матраимов Ф.К., Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын системалык администратору Масиркулов Шабдан жана ФМИТ кафедрасынын окутуучулары катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө (ПОВТАС) адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасынын (НКББП) максаттары, (ПОВТАС) адистигинин негизги билим берүү программасынан (НКББПдан) күтүлүүчү окутуунун натыйжалары, компетенциялары, дисциплиналардын актуалдуулугу талкууланып, иш берүүчүлөр тарабынан сунуштар айтылды.
2313 17:25 06-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|