Новости

Кайрымдуу жаштар – өлкө келечеги

Кайрымдуу жаштар – ө лк ө келечеги

Бүгүн, 4-апрель 2018ж. ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин Бухгалтердик эсеп жана финансы кафедрасынын окутуучулары Райимбердиева Жаннат жана Калбекова Махбурат эжекелерибиздин куратордук тайпалары ФКК-11-1-17, ФКК-2-16 «Финансы» адистигинин студенттери менен биргеликте, Ош шаарындагы «Оштогу балдарды жана үй-бүлөөнү реабилитациялоо борборуна» барышып, атайын керектүү каражаттарды тапшырышты. Аталган борбордун бөлүм башчысы Максутбаева Букен эжеке жаш студенттерге тарбиялык маанидеги эң пайдалуу маалыматтарды айтып өттү. Студенттерибиз аябай маанилүү, пайдалуу маалыматтарды алышты жана борбордун ишчилерине рахмат айтышып, кандай иш болсо да жардам беришээрине даяр экендигин билдирип кайтышты.

2327 14:39 06-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|