Окуу- өндүрүштүк практиканы уюштуруу боюнча конференция.
Финансы-юридикалык коллежинин “Бухгалтердик эсеп жана финансы” кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2-курстун студенттери үчүн окуу-өндүрүштүк практика боюнча конференция болуп өттү. Конференцияга 15 тайпанын студенттери жана практика жетекчилери катышышты. Конференция төмөндөгүдөй үч бөлүктү өзүнө камтыды.
Практика боюнча жалпы маалымат
Коопсуздук эрежелери боюнча тааныштыруу
Суроо-жооп
Конференцияда күндөлүктү кантип толтуруу маселесине көбүрөөк маалымат жасалды. Жыйынтыгында студенттер практика боюнча маалыматтарга ээ болду жана ишканада өзүн кантип алып жүрүү, техникалык коопсуздук эрежелерин билип алышты.