Новости

Өзгөн медициналык колледжинде “сыймыктуу бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу” аземи болуп өттү

8-июнь күнү Өзгөн медициналык колледжинде “сыймыктуу бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу” аземи болуп өттү. Иш чарага колледжибизди ийгиликтүү аяктап азыркы учурда өз кесиби менен иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз да конок болуп келишти. Жолугушуунун биринчи бөлүгүндө ректораттын өкүлдөрү, колледждин директору куттуктоо сөз айтуу менен окуу жайдын өнүгүү жолун чагылдырган видеоролик көргөзүлдү. Майрамдык иш чарада колледждин директору Ө.Т. Станбаев сөз сүйлөп, студенттерди майрам менен куттуктап, окуудагы мыкты жетишкен ийгиликтери, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге колледжибиздин Ардак Грамотасын тапшырды. Андан соң салтка айланган 1-курстун тайпалары бүтүп кетип жаткан 3-курстун студенттерине өздөрүнүн белегин тапшырышып каалоо тилектерди айтып өтүштү. Майрамдык иш чара студенттер даярдаган концерттик программа менен жыйынтыкталды. Экинчи бөлүгүндө тегерек стол өткөрүлүп азыркы мезгилде иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрдөн НКББП боюнча ой пикирлерин сунуштары угулуп, анкеталар алынды. Жыйынтыгында Өзгөн медициналык колледжинде бүтүрүүчүлөр ассоциациясын төрагасын шайлоо маселеси каралып, бүтүрүүчүлөрдүн жалпы жыйынында бир добуштан колдоп Өзгөн медициналык колледжинин бүтүрүүчүлөр ассоциациясын төрайымдыгына Исабаева Ырысгул Айтмарековна дайындалды.
3325 08:38 09-06-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|