Новости

“Бүткүл Дүйнөлүк Ден-соолук” күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү

Бүгүн 7-апрель “Бүткүл Дүйнөлүк Ден-соолук” күнүнө карата Өзгөн шаарынын борбордук спорттук аянтында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдеш Өзгөн райондук үй-бүлөлүк даарыгерлер борбору тарабынан уюштурулуп, мектеп окуучулары, студенттер, окутуучулар катышты. Студенттер арасында уюштурулган 2 км чуркоо мелдеште Өзгөн медициналык колледжинин “Медициналык айым иши” адистигинин 1-курсунун студенти Асанова Үмүт 1-орунду, Абдрахманова Нуржамал 3-орунду ээледи. Ал эми окутуучулар арасында 1 км чуркоо боюнча Кадырова Алтынай 2-орунду, Кошатова Гүлзат 3-орунду ээледи.
2663 16:31 06-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|