Новости

Алгачкы Конгуроо

Бүгүн ОшМУнун Медициналык Колледжинин студенттери үчүн чоң майрам болуп өттү. Анткени бүгүн медициналык колдеджибиздин 1-курстары үчүн Р. Абдыкадыров атындагы филармонияда АЛГАЧКЫ КОҢГУРОО салтанаты белгиленди. Майрамдык салтанаттын ачылышын Медициналык колледждин деканы Аттокуров К. Ш сөз сүйлөп, жалпы студенттерди кызуу куттуктап, ошону менен катар колледжибизди окуп кеткен айрым студенттерди конокко чакырып, алардын ийгиликтери менен куттуктап, жана да ар бир студент мына ушундай ийгиликтерди багындыруусуна дем-күч берип өттү. Коллежди бүтүп, учурда өз адистиги менен гана иштеп тим болбой, спорт жаатында эл аралык САМБО беттешинде 3 жолку (алтын медал) чемпийону аталган тиш техник адистигинин буга чейинки бүтүрүүчүсү Бекназарды да студенттер өтө толкундануу менен орундуктарынан туруп, алакан чаап өзгөчө куттуктап өттүштү. Сөзүмдүн соңунда ар бир студент өз кесиби менен көптөгөн жетишкендиктерге жетүүсүн каалап өтөмүн!!!
2293 14:48 22-11-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|