Новости

Ош мамлекеттик университети айрым категориялардагы студенттерге контракттык төлөмдөн жеңилдик берүү боюнча

Ош мамлекеттик университети

айрым категориялардагы студенттерге контракттык төлөмдөн жеңилдик берүү боюнча

ЖОБО

I. Жалпы жоболор.

II. Жеңилдик берүүнүн тартиби.

III. Жеңилдик алуу үчүн керектелүүчү документтер.

I. Жалпы жоболор.

1.1. Жобо Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын, Билим берүү жана илим министрлигинин 2005-жылдын 27-октябрындагы №709/1 сандуу “Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын күндүзгү бөлүмүндө окуп жаткан студенттерге берилүүчү жардамдарга болгон бирдиктүү сунушунун” негизинде иштелип чыкты.

1.2. Ош Мамлекеттик Университети Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык атайын каражаттардын эсебинен каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша, күндүзгү бөлүмдө окуган студенттердин айрым бир категорияларына контракттык төлөмдөрдөн жеңилдик бере алат.

1.3. Жеңилдик берүү боюнча комиссиянын курамына бир проректор, социалдык жана тарбия департаментинен, профсоюз комитетинен, студенттик уюмдардан өкүлдөр, аудитор жана юрист киришет. Комиссиянын курамы ректордун буйругу менен бетитилет.

1.5. Жеңилдик берүүнүн өлчөмү жана көлөмү окуу жайдын уставына ылайык, финансылык мүмкүнчүлүгүнө жараша, студенттин жана ата-энесинин социалдык абалын эске алуу менен аныкталат.

1.6. Күндүзгү бөлүмдө келишимдик негизде окуган төмөнкү категориядагы студенттерге жеңилдик берилет:

- ата-энеси жок студенттерге 50%ке чейин;

- атасы же апасы жок студенттерге 15%ке чейин;

- I, II топтогу майып студенттерге 25%ке чейин;

- бир үй-бүлөөдөн 3 же андан көп бир тууган Ош МУда күндүзгү бөлүмдө окуса, алардын бирөөсүнө 50%ке чейин;

- ата-энеси Ош МУда иштеп 2 же андан көп баласы Ош МУда күндүзгү бөлүмдө окуса, алардын бирөөсүнө 50%ке чейин;

- ата-энеси I топтогу майып студенттерге 15%ке чейин;

- дүйнөлүк масштабдагы жана Кыргызстандын чемпиону болгон студенттерге 100%ке чейин.

- Ж.б. категориядагы студенттерге комиссиянын чечимине ылайык.

II. Жеңилдик берүүнүн тартиби.

2.1. Контрактык төлөмдөн жеңилдик студенттерге бир окуу жыл үчүн гана берилет, ошондуктан жеңилдик алган студенттердин тизмеси жыл сайын жаңыланып турат.

2.2. Контракттык төлөмдөрдөн жеңилдик алуучу студенттер окуу жылдын башында Ош МУнун ректорунун атына жеңилдик алуунун себеби көрсөтүлгөн (тиешелүү документтер тиркелген) арыз берет.

2.3. Жеңилдик берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими протоколдоштурулат. Протоколдо берилүүчү жеңилдиктин көлөмү же берилбей калгандыгы жөнүндө түшүндүрмө көрсөтүлөт.

2.4. Күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге жеңилдик берүү, атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде ректордун буйругу менен бекитилет.

2.5. Сырттан окуу жана кечки бөлүмдөрдүн студенттерине, кыска мөөнөттүк окуу курстарынын угуучуларына контракттык төлөмдөн жеңилдик берилбейт.

III. Жеңилдик алуу үчүн керектелүүчү документтер

3.1.Ата-энеси жок студенттер үчүн:

· Жеңилдик алуу үчүн ректордун атына жазылган арыз;

· Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

· Ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

· Окугандыгы тууралуу маалым кат.

3.2. Атасы же апасы жок студенттер үчүн:

· Жеңилдик алуу үчүн ректордун атына жазылган арыз;

· Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

· Атасы же апасынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

· Окугандыгы тууралуу маалым кат;

3.3. I, II топтогу майып студенттер үчүн:

· Жеңилдик алуу үчүн ректордун атына жазылган арыз;

· Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

· Эмгекке жөндөмсүздүгү тууралуу МСЭКтин корутундусунун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

  • Пенсиялык күбөлүк.

3.4. Бир үй-бүлөөдөн 3 же андан көп бир тууган Ош МУда күндүзгү бөлүмдө окугандар үчүн:

· Жеңилдик алуу үчүн ректордун атына жазылган арыз;

· 3 студенттин туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

· 3 студенттин окугандыгы тууралуу маалым каты;

  • Ата-энесинин ID паспортунун көчүрмөсү.

3.5. Ата-энеси Ош МУда иштеп 2 же андан көп баласы ОшМУда күндүзгү бөлүмдө окугандар үчүн:

  • Жеңилдик алуу үчүн ректордун атына жазылган арыз;

· 2 студенттин туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

· 2 студенттин окугандыгы тууралуу маалым кат;

  • Ата-энесинин Ош МУда иштегендигин тастыктоочу кадрлар бөлүмүнөн маалым кат;
  • Ата-энесинин ID паспортунун көчүрмөсү.

3.6. Атасы же апасы I топтогу майып студенттер үчүн:

· Жеңилдик алуу үчүн ректордун атына жазылган арыз;

· Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

· Майыптыгы тууралуу МСЭКтин корутундусунун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

  • Ата-энесинин ID паспортунун көчүрмөсү;

· Пенсиялык күбөлүктүн көчүрмөсү.

3.7. Спортсмен студенттер үчүн:

  • Факультеттен декандын билдирүүсү;
  • Окугандыгы тууралуу маалым кат;
  • Жеңишке жетишкендиги тууралуу диплом, сертификаттын көчүрмөсү ж.б.

Бардык документтердин түп нускасы жана нотариалдык көчүрмөсү көрсөтүлөт, түп нускасы арыз ээсине кайтарылып берилет, ал эми көчүрмөсү документине тиркелет.

2476 17:10 22-03-2018

                 

Новости

|< 1 >|