Новости

Ош МУнун студенттик акыйкатчы аппараты: Кыргыз Республикасынын конституциясынын 25 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 5-май Кыргыз Республикасынын конституциясынын кабыл алынган күнүнө жана 25 жылдыгына карата, университетибиздин студенттик акыйкатчы аппараты Ош шаарынын тургундарын, конокторун майрамы менен куттуктадык. Конституцияда адам эркиндиктерин жана укуктарын камтыган баракчаларды тараттык. Эл да баарыбызды жылуу кабыл алып, аксакалдар бата берип, бизди да куттуктап жатышты. Бир адамдын жүзүнө күлкү жаратуу- чоң бакыт,ал эми жалпы шаардын жашоочуларына жылмаюу тартуулап,адамдык сылык мамилелерди бүгүнкү даталуу күндү көрсөтө алгандыгыбыз үчүн жалпы студенттик акыйкатчы аппаратынын мүчөлөрү кубануудабыз. Ошто жашап,Ош МУда окугандыгыбызга сыймыктанып, университетибиздин жетекчилигине ыраазычылыгыбызды билдирүү менен биздин ар бир иш-чараларыбызда жакындан көмөк көрсөткөн Ош МУнун профсоюз комитетине рахматыбызды айтабыз.
2572 14:36 05-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 >|