Новости

Ош МУнун студенттик акыйкатчы аппараты:Педагогика жана дене тарбия факультетинде акыл таймаш болду

Бүгүн,5-апрель ОшМУнун Педагогика жана дене тарбия факультетинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Айтматов ааламы" аталышындагы билимдүүлөрдүн таймашы аталган факультеттин акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Арстанбек уулу Чыңгыз жана структура мүчөлөрү тарабынан болуп өттү.Эки адистиктин 1-курстары катышып,жалпы 5 команда түзүлдү.Таймаш 3 турдан болуп,1-турда "Делбирим"повести,2-турда жазуучунун өмүр чыгармачылыгы,ал эми 3-турда "Ак кеме" повесттеринин негизинде суроолор берилди. Жеңүүчү аталган командаларга факультет тарабынан диплом жана кызыктыруучу белектер берилди.Андан сырткары, суроолорго жооп берүүдө өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге залкар жазуучунун калемине таандык чыгармалардан турган китептер белекке берилди. Студенттердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулаткан мындай иш-чаралар университеттин факультеттеринин акыйкатчы аппараты тарабынан кезек-кезеги менен өтүп турмакчы.
2553 18:46 05-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 >|