Новости

Ош МУнун студенттик акыйкатчы аппараты: "АЙТМАТОВ ААЛАМЫ" аталышындагы акыл таймашы болуп өттү

- Ош МУда факультет, колледж жана лецейлер аралык Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган "Айтматов ааламы" аталышында акыл таймашын ийгиликтүү өткөрүп алдык. Акыл таймаш Ош МУнун акыйкатчы аппарытынын жетекчилиги тарабынан өткөрүлдү. Жалпысынан 20 катышуучу катышып, жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчүлөр: Башкы орун: МИТ факультети Асилбек кызы Гүлиза. 1-орун: "Билим" лицейи Жээнбеков Эрлан. 2-орун: ФИЗТЕХ факультети Ражапов Замирбек. 3-орун: ТТжГФ Муса кызы Айпери. Жеңүүчүлөр ардак баракча жана белектер менен сыйланышты. Таймаштын жыйынтыгында залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун ааламына сүңгүп кирип, ар бир чыгармасын кызыгуу менен окуган студенттерибиз көп экендигине ынандык. Суроолорду түзүүдө жардам берген университетибиздин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин мугалими Жамгырчыева Гүлина эжекеге терең ыраазычылык билдиребиз.
2140 18:09 20-02-2018

                 

Новости

|< 1 2 >|