Новости

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты:

Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу максатында Студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган "Педагогикалык ачык сабак" долбоорунун эң алгачкы сабагы ОшМУнун Физика-техника факультетинин ФЕ(б)-1-15 тайпасында 18-октябрь күнү өтүлдү.
Педагогикалык ачык сабактын максаты;
•Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу;
•Коомчулукту түрдүү билимдердин тармактары боюнча кабардар кылуу;
•Окутуудагы креативдүү, инновациялык, интерактивдүү усулдарды көрсөтүү;
•ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамынын коомчулук алдындагы кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу;
•Студенттин билим алууга кызыгуусун арттыруу;
•Билимдүү студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү;
•Билимди жана билимдүүлүктү даңазалоо:
Бул долбоор мындан ары да ОшМУнун бардык факультетттеринде уланат.
Студенттерге ИЙГИЛИК каалайбыз!
1681 15:41 20-10-2017

                 

Новости

|< 1 2 >|