Устаттарым жөнүндө эскермелер

БалтагулНурумбетов-организатор образования, ученый, педагог и общественный деятель

70 жаш – адам өмүрүнүн өлчөмү менен алып караганда инсандын тажрыйбага толуп, акыл-эси ашып ташып, оозунан чыккан кеби жаштарга нарк-нуска, баскан турганы таалим-тарбия, өткөн өмүрү өрнөк, көрсөткөн жолу таза жана жарык болуп турган мезгил.

Кутман курагын белгилеп жаткан тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, мамлекеттик жана коомдук ишмер, профессор Нурунбетов Балтагул агайыбыз 70 жаштын белине чыгып, эл алдында жүзү жарык, зоболосу бийик болуп, эмгегинин үзүрүн көрүп, журт төрүндө урмат сыйга ээ болуп олтурат. Мен өз макаламды философиялык ой жорум менен баштагым келип турат.

Адам тагдыры деген эмне? Бул Кудайдын ар бир адамдын жеке өмүр жолуна өзүнчө ыроологон энчисиби? Же төрөлгөндө эле ошол адамдын бешенесине алдын ала эле жазып койгон Жараткандын буйругубу? Адамдын жеке өзүнүн жүрүм-туруму, аң-сезими, акыл парасатына жашоодогу философиясына жараша берилген белекпи? Ар бир пенде өз тагдырын өзү жасайбы, анда адам өзүнүн басып өткөн жолунун жаратуучусу, авторубу? Адамды бакытка же өкүткө жеткирген айлана-чөйрөсүбү, жанында жүргөн адамдардын таасириби?

Кээде биз өзүбүздүн ишибиз жүрүшпөй калса, же бир жамандыкка жолуксак да ага башкаларды күнөөлөйбүз. Себебин эч качан өзүбүздөн издебейбиз.

Бирок кандай ой жүгүртсөк да, бир нерсеге көзүм жетти. Жараткан адамга акыл-эсти берип адамдын өз тагдырын, өз жолун, өз жашоосун өзү жаратуусуна, өзүнүн акыл парасатына ылайык тандоону берет экен. Ар бир кырдаалда, ар бир көз ирмемде алдыбызда эки-үч жол катар коюлуп, ошол жолдордун кайсынысына түшөбүз, ал өзүбүздүн деңгээлибизге, акыл-эсибиздин тандоосуна жараша болот тура.

*****

Бүгүн 70 жылдык куттуу маарекесин белгилеп жаткан агайыбыз Нурунбетов Балтагул Аттокуровичтин өмүр таржымалы, башынан өткөргөн эмгек жолу, ишмердүүлүгү да өзү тандагандай тагдыр болду десек болот.

Ал өз өмүр жолунда көптөгөн бийиктиктерди багындырды. Илимдин кандидаты, доцент, илимдин доктору, профессор, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими” болду. Партиялык жана жооптуу аткаруу кызматтарында иштеди. Кыргыз Республикасынын легендарлуу парламентинин депутаты, Оштогу технологиялык техникумдун директору, Ош областтык кесиптик-техникалык билим берүү башкармалыгынын начальниги, эки жолу Ош областтык билим берүү башкармалыгынын начальниги. Ош областтык админстрациясынын башчысынын орун басары, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, “Сулайман-Тоо” тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы, ОшМУда, ОшТУда кафедра башчысы кызматтарын аркалады. Бүгүн да бир топ коомдук иштерди аткарып жүрөт. Анын ичинде ОшМУда Камкорчулар Кеңешинин төрагасы милдетин да аткарып келүүдө.

*****

Учкай айтканга оңой болгону менен ушул күрдөөлдүү өмүр жолунда кандай эмгек, кандай ишмердүүлүк жатат. Ошондой эле ошол милдет максаттарды аткарууда канча тоскоолдуктар, кыйынчылыктар, тар жол, тайгак кечүүлөр болгондугун агай өзү билет. Көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да каршылыктар, агайдын жүрөгү аркылуу өттү. Бирок майышпады, алдыга койгон максаттарына жетүүнүн жолун издеди. Элге кызмат кылуунун мүмкүнчүлүктөрүн тапты. Тагдырдын табышмактуу сыноолорунда туура жолду тандады.

*****

Мектепти аяктап, совхоздо жумушчу, клубдун башчысы, мектепте мугалим болуптур. Мугалимдикти жана агартуучулукту, маданият ишин уюштурууну, коомдук иштерге аралашууну ошондо эле Кудай Таала агайдын бешенесине жазган экен. Өспүрүм кезинде тандаган багыты өмүр бою аны коштоп жүрдү. Ал күтүүсүз секирик жасап кызматтарга келген жок, жөнөкөй жумушчулуктан тартып ылдыйкы тепкич менен турмуштун бардык ак-карасын көрүп, улам тепкичтен тепкичке чыгып, бышып, өсүп олтурду.

*****

Азыркы Ош мамлекеттик университетинде окуганда, окуунун отличниги, коомдук иштердин, комсомолдун активисти, Лениндик стипендиат болууга жетишиптир. Студент курагында тырышчаактык, өжөрлүк менен Лениндик стипендияга жеткен алгачкы ийгилиги, анын кийинки тагдырына, жооптуу кызматтарда иштөөсүнө жол ачыптыр.

*****

Андан кийин республикалык технология техникумуна директор болуп, анын бараандуу материалдык-техникалык базасын түзүүгө демилгечи болуптур. Окуу корпустарын, жатаканаларды курдуруптур.

Ошол техникумдун базасында кийинчерээк Кыргыз-Өзбек университети уюшулгандыгын көпчүлүк биле бербесе керек. Уюштуруучулук жөндөм-шыгы, адамдар менен тил табыша иштеше билүү, ийкемдүү мамиле кылуу сапаттары өөрчүп олтуруптур.

*****

СССР деген империя жоюлуп, эгемендүүлүктүн эпкини башталып жаткан оор мезгилде Ош облусунун билим берүүсүн башкарыптыр (Анда Жалал-Абад, Баткен да Ош облусунун курамында болгон). Ошондо жаңы типтеги мектептердин, жеке менчик мектептердин, автордук мектептердин, чет өлкөлөр менен биргелешкен мектептердин, лицейлердин, гимназиялардын ачылышына өбөлгө түзүптүр. Мисалы, “Ноокат билимканасы”, Кара-Суудагы К.Жакыпов атындагы гимназия, Өзгөндөгү Таңатаров атындагы гимназия, Кара-Кулжа, Алай, Баткен гимназиялары, Оштогу Уркуя Салиева атындагы лицейи, “Себат”, “Сема” түрк лицейлери ж.б.у.с. Предметтерди тереңдетип окутуучу мектептердин системасын түзүптүр, мугалимдердин профессионалдык чеберчилигин жогорулатууга, инновациялык ыкмаларды жайылтууга такай көңүл бөлүптүр, жаңычылдыкка, чыгармачылыкка умтулган мугалимдерди ар тараптуу колдоого алыптыр. Пионер, комсомол деген уюмдар саясий аренадан кеткенде, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” сыяктуу жаш өспүрүмдөрдүн улуттук уюмдарын түзүүнүн демилгечиси Балтагул агай болгон. Балдар уюмдарынын символикаларын, жоболорун иштеп чыгып, республикага жайылткан. Кыскасы, ошол мезгилде орто билим берүү системасынын сакталышына, өркүндөтүлүшүнө опол тоодой эмгек сиңирген. Азыр Түштүк Кыргызстандын кайсы мектебине барбаңыз Балтагул агайдын ишмердүүлүгү жөнүндө жылуу пикир угасың.

*****

Агай илимпоз катары 3 монографиянын, билим берүү, маданият, жаштар, экономика боюнча 200дөн ашуун илимий макалалардын, илимий-усулдук колдонмолордун автору. Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы ВАКтын президиумунун мүчөсү. Учурунда Ош мамлекеттик университетинде кафедра башчысы болуп иштеген. Азыркы учурда Ош технологиялык университетинде кафедра башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип жатат. Бир топ аспиранттарды даярдап, илимий жетекчи болууда.

*****

Агай “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде башкы директор болуп турган мезгилде музейдин инфрастуктурасын өркүндөтүп, туристтик, илимий, рухий борборго айландырган. Анын жигердүү аракетинен улам Сулайман-Тообуз ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине кирген.

*****

Ош окуяларынан кийин Балтагул Аттокуровичтин Кыргызстан элинин Ассемблеясынын Ош бөлүмүнө төрага болуп келиши да жакшы иш болду. Себеби, облусубуздагы этностордун ынтымакта, биримдикте жашашына өбөлгө түзүп, ассемблеянын ишин да бир топ жандандырды. Этникалык проблемаларды жөнгө салууда, элдер ортосундагы мамилелерди жакшыртууда көптөгөн саамалыктарды жасап жатат.

*****

Балтагул агай кайсы жерде иштебесин, өз ишине жоопкерчилик менен караган, өзү баштап үлгү болгон, бардык маселелерде сабырдуу, калыс болууга умтулган инсан. Өзгөчө жаштарга нускалуу, нарк насилге негизделген кеңештерин айтып турат. Биз агай менен ар кандай маселелер боюнча акылдашабыз, көз карашын сурайбыз.

*****

Мындан беш-алты ай мурда Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын съезди болуп, дайыма элдин атынан кызмат сурап соодалашып көнгөндөрдүн бирөө радикалдуу көз карашын айтып чыкты. Ошол учурда мен залдан анын туура эмес сөздөрүнө жооп бере турган бирөө барбы деп, болбосо өзүм чыгып айтайын деп турганда да, трибунага акырын чыгып, Балтагул Аттокурович жөндүү пикирин айтып, анын сөзү туура эмес экендигин негиздүү белгилеп, чындыкка тике карап, коркпостон чечкиндүү сөзүн айтканда, мен агайдын атуулдук позициясына ыраазы болдум. Башка бирөө болсо жаман көрүнбөйүн деп укмаксан болуп коёт беле ким билет.

*****

Эки жыл мурда университеттерге Камкорчулар Кеңеши түзүлгөндө, биз да университетти колдоп, коомчулукка таасирдүү сөзүн айта ала турган, жеке өз кызыкчылыгы үчүн университетке жүк артпай турган, кадрдык маселеге ыксыз киришпеген, интригага аралашпай турган абройлуу инсандарды издегенде да Балтагул Аттокуровичтин талапкерлигине токтолдук. Агай азыр университетибиздин финансылык ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүп, туура багыт берип, бизге колдоо көрсөтүп келет. Кээде гана тамашалашып Камкорчулар Кеңешине айлык төлөбөйсүңөрбү деп калат. Мен агайга тескерисинче, Сиз университетке камкордук көрсөтүп, материалдык жактан салым кошушуңуз керек деп жооп узатам.

*****

Балтагул агай көптөгөн сыйлыктардын ээси болду. Мен аларга токтолгум келбейт. Эң башкы сыйлык - элибиздин агайдын эмгегин баалап, урмат-сыйда мамиле кылгандыгы, улуу-кичүү замандаштарынын “Балтагул агай” деп кадырлап кайрылгандыгы деп ойлойм. 70 жашка агай артына из калтырып, өзүнүн жасаган эмгеги менен элге жагып келди.

*****

Өмүр бою билим берүү, тарбиялоо системасында жүргөн бирөө: “элдин балдарын тарбиялаймын деп жүрүп, өзүмдүн балдарымды тарбиялай албай калыпмын”,- деп өкүнгөн экен.

Балтагул агай өз балдарын да мыкты тарбиялады. Кызы, уулдары да атасын тартып эл кызматында. Кызы жана кенже уулу дарыгерлик кызматты аркалайт. Бир уулу юридика илимдеринин кандидаты болсо, бир уулу экономика илимдеринин кандидаты болду. Экөө тең мамлекеттик жооптуу кызматтарда. Дагы бир уулу жеке ишкер. Агай неберелерине да жакшы таалим-тарбия берип келет.

Өмүр бою агайдын жанында ар кандай кырдаалдарда колдоп, кубаттап, дем-күч берип, жакасын агартып, эч качан кабагым, кашым дебеген өмүрлүк жолдошу - Жамийла эжебиз болду.

Урматтуу Балтагул Аттокурович! 70тин ашуусуна чыгып, өрнөктүү, ардактуу, үлгүлүү өмүрдүн, таалайлуу тагдырдын автору болдуңуз.

Мусулманчылык парздын да бардык милдеттерин аткарып келе жатасыз. Илимпоздук, педагогдук, коомдук, мамлекеттик ишмердин пакиза жашоосун көрсөтүп, узак-узак жашай бериңиз. Уул-кыздарыңыз, небере-чеберелериңиз да Сиз салган улуу чыйырды татыктуу уланта беришсин.

Каныбек Исаков

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор

8282 14:43 21-11-2016

                 

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< >|