Устаттарым жөнүндө эскермелер

Ученый-математик с мировым именем среди нас или штрихи к портрету доктора физико-математических наук, профессора, члена-корреспондента НАН КР Келдибая Алымкулова

Ар бир университеттин, окуу жайдын илимий деңгээлин аныктап турган аалымдар болот. Ош мамлекеттик университетинин, жалпы эле кыргыз илимий журтчулугунун аброюн көтөрүп турган көрүнүктүү илимпоз, устат агайларыбыздын бири катары – физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер”, профессор Алымкулов Келдибай Алымкуловичтин ысымын сыймык менен атайбыз. Келдибай Алымкулович докторлук диссертациясын Москвада СССР Илимдер Академиясынын Стеклов атындагы Математика институтунда өтө жогорку деңгээлде, чоң илимий жыйынтыктардын ийгилиги катары коргогон. Келдибай Алымкулович Болгарияда, Венгрияда, Польшада, Грецияда, Таиландда, Швецияда, Москвада, Алма-Атада, Новосибирскиде, Киевде, Бакуда, Ташкентте, Самаркандда өткөн чоң илимий симпозиумдарда, конференцияларда илимий докладдарын окуган. 6 илимдин кандидатын даярдап чыгарган устат. 1 илимий монографиясы, 140тан ашуун илимий макалалары жарык көргөн. Улуттук Илимдер Академиясынын Теориялык жана колдонмо математика институтунда докторлук диссертациялык Кенештин мүчөсү, 2008-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинде дифференциялдык тендемелер, геометрия жана топология боюнча атайын Адистештирилген Кеңештин төрагасы.

Агай Американын, Европанын Математикалык коомдорунун, Америка математиктер Ассоцациясынын, Индустриалдык жана колдонмо математика коомдорунун мүчөсү. “Америкалык Математика жана статистика” журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан математиктер коомунун Вице-президенти. Илимпоз агайыбыз жыл сайын англис тилинде чыккан математикалык илимий китептерди тынымсыз сатып алып, үзгүлтүксүз изденүүнүн үстүндө жүрөт. Келдибай Алымкулович элине сиңирген ак эмгеги, мээнеткечтиги, изденгичтиги, ийгиликтери менен 70 жашка келип, эл алдында жүзү жарык, аброю бийик болуп турат. Тыным билбеген өжөрдүгү, эмгекчилдиги менен жаштарыбыз өрнөк туткан өмүрүн сүрүүдө. Жубайы физика-математика илимдеринин доктору, көп кырдуу талант Гулбадан Матиева менен илимий үй-бүлө катары жаштарга үлгү көрсөтүшүүдө. Бири-бирин толуктап, бири-бирин колдоп, экөөсү тең илимдин доктору, профессор болгон мындай үй-бүлөлөр Кыргызстанда өтө аз кездешет. Келдибай Алымкулович, Гулбадан Матиеванын ыр кечесинде кыргыз залкарларынын ой берметтеринен жатка окуганда, биз агайдын да жан дүйнөсүндө сезим, поэзияны сүйүү, сөздүн кудуретин ардактоо бар экендигине ынанып, кол чаптык. Гулбадан Матиевна да кадамын кыргыз айымдарынын каадасын кармап, агайга сый-урмат менен мамиле жасап, жакасын агартып, илим менен алпурушуп, алектенүүсүнө кеңири шарт жаратууда.

Агайдын жөнөкөйлүгүндө чек жок. Анткени 70 жылдык маарекесин чоң деңгээлде белгилейли деп сунуш кылсак макул болгон жок. Анан биз агайдын 70 жылдыгына арналган атайын илимий журналдын бир санын чыгарууга уруксат алдык. Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.Алымкуловдун 70 жылдык маарекеси кыргыз илимий коомчулугу үчүн чоң окуя. Анткени, Келдибай Алымкуловичтин эмгектери математикага акыл сереси жеткен дүйнөлүк математика коомчулугу үчүн да мааниге ээ.

Урматтуу Келдибай Алымкулович !

Сизге узун өмүр, бекем ден-соолук тилейбиз, илимдеги изденүүлөрүңүз ийгиликтүү улана беришин каалайбыз. Шакирттериңизге нускалуу кебиңизди айтып, илимде изгилүү жол көрсөтүп, узак-узак өмүр сүрүүңүздү тилектешпиз.

Исаков К.А.

ф.и.д., профессор

11490 16:22 20-07-2016

                 

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< >|