Курманалы Матикеевич – быйыл 70 жаштын ашуусуна келип, эли журтубузга билим берүүдөгү, илимдеги ийгиликтери боюнча эсеп-кысап берип турган учуру. Бирок бул кутман куракка агай адамдарга жасаган албан эмгеги менен, илимий изилдөөсүндөгү кызыктуу жыйынтыктары менен келди деп айтаар элем.
Мен Курманалы Матикеевичти тээ окуучулук курактан бери сыртынан билчүмүн. Анда эң популярдуу болуп турган “Ала Тоо” журналындагы илимий-популярдуу макалаларын кызыгуу менен окучубуз. Кийинчерээк “Борбордук Азия Манас доорунда” аттуу илимий китебин окудум. Андан сырткары табият таануу концепциясы боюнча китеби менен тааныштым. Жакында эле агайдын 70 жыл бою терип-тепчип жыйнаган руханий-илимий байлыгы “Манас. Кыргыз. Кыргызстандын географиясы” аттуу өтө фундаменталдуу эмгегинин кол жазмасы менен таанышып чыгып, Курманалы агайды илимдеги Баба дыйкандык даражага жеткендигин көрдүм. Бул эмгек өтө кызыгууну, талаш-тартышты жаратаарында шек жок. Менимче илимдин табияты, илимдин өзгөчөлүгү – ой жүгүртүүгө жем таштагандыгында, ой жүгүртүүнүн чексиздигинде болсо керек.
Агай менен 20 жылдан ашуун бир жамаатта иштеп, жакындан таанып, агайдан көп нерсени үйрөндүм десем болот. Агайдын чындык үчүн хандан, бектен тартынбаган чечкиндүүлүгү бар. Дайыма көйгөйлүү маселелер боюнча өз оюн, өз сөзүн так айтат. Өзгөчө географияга карата өтө зор ынтаасы, сүйүүсү бар. Эң башкысы агай окумал инсан. Дайыма көп окуйт. Чет өлкөдөн чыккан илимий журналдардын, илимий китептердеги акыркы маселелер боюнча кеңири тааныштыгы бар. Илимий эрудициясы, масштабы, илимий диапазону өтө кеңири жана илимий фантазиясында чек жок. Мындай касиет илимпоз үчүн зарыл деп ойлойм.
Уул кыздарын да агай илимге жакын кылып тарбиялады. Илимий иштерин жактаган, бүгүн да илим менен алектенип жаткан агайдын уул-кыздары бар. Неберелерине да жакшы тарбия берүүдө.
Эсимде, бир жолу 1992-жылдары университетте өзү өтө кайталангыс кылып түзгөн география каанасын бузуп жиберишкенде чыркырап жүргөнүн билемин. Университетте өзүнүн илимий мектебин түзүп, ондогон шакирттерине илимий жетекчи болуп илимдин кандидаты кылды. Азыр да бир нече аспиранттардын илимий жетекчиси болуп келе жатат. Агай география боюнча Адистештирилген Кеңештин төрагасы катары да көптөгөн жаш адистердин илимдеги жолун ачып берди.
Исаков К.А.
ф.и.д., профессор