Устаттарым жөнүндө эскермелер

Шуулдаба, терегим, теректерим,

Шуулдасаң ыйлагым келет менин.

(Профессор Пайзылда Ирисов жөнүндө эскерүү-эссе)
Өз кесибинин нукура устаты, энциклопедиялык билимге эгедер, кругозору кенен, ой жүгүртүүсү бийик инсандар бул турмушта сейрек учурайт.

Пайзылда Ирисов - ошондой сейрек жаралган кашкөй, чыгаан инсандардын бири эле. Сакадай бою сары алтын, чыныгы интеллигент, дайыма өзүн бир калыпта сыпаа алып жүргөн, ички маданияты менен сырткы тулку бою келишкен, ар кандай эмоциялык абалын тамаша менен жеңген, баскан - турганы, өткөн сабагы, сүйлөгөн сөзү бап келишкен агайыма шакирт, замандаш болуп калганыма өзүмдү бактылуу сезем.

* * * * *

1987-жыл. Ош мамлекеттик педагогикалык (азыркы ОшМУ) институтунун студентибиз. Ырчылар поэзиясынан лекция угуп жатканбыз. А дегенде эле Пайзылда агай: «Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол» деген сөздү уккансыңарбы? Бул силер ойлогон Токтогул Сатылганов эмес, бул башка доордогу Токтогул»,- деп лекциясын баштап, кыргыздын не бир залкар ырчыларынын дүйнөсүнө бизди баштап кетер эле. Пайзылда агай, «Ырчылар поэзиясы» боюнча чыгаан адис болчу. Ырчылар поэзиясы боюнча өмүр бою лекция окуду. Дипломдук иштерди жаздырды. Окуу китебин, монографиясын жазды. Жашоосунда ырчылар поэзиясынын улуу философиясы менен жашады. Эми ырчылар поэзиясы боюнча Пайзылда агайдай ким лекция окуйт да, ким жеткире айта алат? Агайдай ийине жеткирип, өзү дайыма көп колдонгон сөзүндөй, «аябагандай» кырына чыгарып, ким ажарын ача алат?

Мага Пайзылда агайдан кийин өз ичине нечен сырды каткан, мухиттей чалкыган ырчылар поэзиясы жетимсиреп калгандай сезиле берет.

* * * * *

Агай дайыма өзүнчө ирония, азил тамаша менен сүйлөгөн, бул багытта өзүнүн башкача стили бир инсан болчу. Сабакта студенттерди жоктоп жатканда, негедир студенттердин фамилиясын окуганда, кыргызча фамилияларды грузинчеге өткөрүп, «Асанов» болсо, «Асанашвили», «Жолдошев» болсо «Жолдошян» деп куудулданып окуйт эле. Негедир ушул адаты өзүнө аябай жагар эле. Аудиторияда да ушундай жоруктары менен күлкү жаратчу. Эч качан, эч кимге, катуу айтпаган, чыныгы мырза болчу. Агайга кимдир бирөө катуу айтса да, эч качан ал катуу айтууну билбеген, өзүн дайыма аяр кармаган, нукура ак сөөк инсан эле.

* * * * *

Өмүрүнүн акыркы жылдары биз экөөбүз республикалык төкмө акындардын айтышына калыс болуп калдык. Агайдын кандидаттык диссертациясы айтыш өнөрү боюнча болчу. Ар бир айтышка чыккан төкмө акындардын кайсы сөзү кайсы акындыкы экенин, ким кайсы ырчынын обонунда ырдап жатканын байкап, мага айтып отурду. Айтышы жакшы чыкпай, чеберчилиги төмөн акындарды көргөндө какшыктап сүйлөп, жарым финалдык бөлүктө да агай шумданып, жакпаган ырчысына алгач байкамаксан болуп «2» деген баа көтөрүп, эл чуулдап жиберсе, адашып кеткен адамдай болуп «4» көтөргөн учурун эстесем, азыр да күлө берем. Агай ушундай тамашөкөй жан болчу.

* * * * *

Кыргыз адабияты кафедрасында дайыма шахмат ойнолот. Агай шахматтын күйөрманы болчу. Өзгөчө кроссворд, интеллектуалдык, логикалык оюндарда агай алдына эч кимди чыгарчу эмес. Дайыма мейли орусчабы, кыргызчабы кроссворддордун кандай түрүн болсо да жообун тез табар эле.

* * * * *

Мектеп курагында интернатта окугандыктан, Пайзылда агай, орус тилди да мыкты билчү. Орус группаларга да агай орус тилинде лекция окучу. Өзгөчө орусчадан - кыргызчага, кыргызчадан - орусчага котормочулук таланты күчтүү болчу. Бул багытта кандидаттык диссертацияларды которуп жүргөнүн да жакшы билебиз. 1990-жылдары кыргызча билбеген областтык, шаардык биринчи жетекчилерге да бир гана Пайзылда агай мамлекеттик тилди үйрөтүп, сабак берчү.

* * * * *

Агай кыргыздын залкар жазуучуларынан Кеңеш Жусупов, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев сыяктуу инсандар менен бирге окуган, алар менен өз ара сый мамиледе теңтуш болуп жүргөн, алар да агайды адабиятчы катары урматташкан таланттар экенин билчүбүз. Алар менен убагында кат жазышып, кат алышып жүргөнүнөн да кабарыбыз бар.

* * * * *

Агай чыныгы педагог, мыкты ата болчу. Уулдары Муктарды да, Аскарды да эң мыкты тарбиялады. Балдарына кыргыздын салт-санаасын, дүйнөлүк маданиятты, чет тилдерин үйрөттү. Заманбап шартта иштөөгө жөндөмдүү уулдарын тарбиялап, ушул уулдарынын жакшы адамдардан болушуна өмүрүн арнады. Көзү тирүүсүндө уулдарын үйлөп, жайлады. Неберелеринин жытын искеди. Кыргызда балким, бир да эркек аялына агайдай мээрим, агайдай сүйүү, агайдай урмат менен мамиле жасай албаса керек. Агай дайыма эженин ден соолугун ойлоп, эженин маанайын көтөрүүгө аракет кылаар эле. /й-бүлөгө үзүлүп түшкөн мамилени да агайдан үйрөнсөк болот.

Агайдын артында атадан кем эмес, эки бирдей уулу, неберелери калды. Буюрса, агайдын атын өчүрбөй турган уулдары бар. Агай балдарынын, урпактарынын келечегинен эч бир кыжаалат болбой эле койсо болот. Анткени аларга адамдык эң мыкты пайдубалды түптөп кетти.

* * * * *

Агайдын үйүндө бай китепканасы, оригиналдуу китептери көп болчу. Кимдир бирөө байлык жыйса, агай китеп жыйды, акыл жыйды.

* * * * * Өткөн жылдын жаздын аягы бекен, агай ооруканада реанимацияда жатып калды. Реанимациядан чыккан күнү ооруканага барып, агай менен 1-2 сааттай аңгемелешип отурдум. Агай катуу ооругандан кийин жашык болуп калгандай сезилди. Көп нерсе жөнүндө сүйлөштүк. Кеңешин айтты, жүрөгүндөгү сөздөрүн айтты. Кандай учурда болсо да агай менен сукбатташуу жагымдуу болчу. Ал сени менен сүйлөшүп жатканда, сени да аяп турчу. Өзүнүн балдары жөнүндө айтты. Анан мага кайрылып: «Жаштарды өстүрүп жүрөсүң. Сен ушунуңдан жазбагын», - деди.

* * * * *

Чынбы, төгүнбү билбейм, факультетте агай жөнүндө мындай бир сөздү уккан элем. Бир жолу кафедрада агай өзү жалгыз иштеп отурса, ректораттан текшерүү келип калат. Анан кийин алар тизме боюнча окутуучуларды сурап калышат. «О» менен башталган агайдын фамилиясын айтып, кайда деп сурашса, Пайзылда агай «отпускада» деп коет. «Т» аттуу мугалимди фамилиясын айтканда, Пайзылда агай: «Трудовая отпускада» дейт. Ал эми «/» менен башталган эжекени сураса, агай: «/йүндө» -дейт. А сиз кимсиз десе, Пайзылда агай: «Иштеп жаткан Ирисов», - деген экен. Агай ушундай чукугандай сөз тапкан, чечен да болчу. Дайыма иштеген, иш үстүндө жүрчү. Бүгүн агай өзү жок болсо да, ойлору, идеялары, шакирттери иштеп жатпайбы.

* * * * *

Агайдын бир аруу тилеги бар эле. Жер үй салып, үйүндөгү огородго жалаң гүл отургузуп, гүлдөр бажырайып ачылган кезде, гүл аралап, ыр китептерин окуп, эс алып жүрсөм деп ниет кылчу. Ал тилегине жетпеди.

* * * * *

Пайзылда агай өзүнүн бир замандашынын мааракесине жазган макаласында: «Жарышка түшкөн күлүктөрдөй болуп, биз бул жашоодо катарлашып келе жатабыз»,- деп жазганы бар. Өзү жазгандай Пайзылда агай, жарышкан күлүктөрдөй болуп чуркап баратып, өзүнүн теңтуштары менен каз катар теңтайлашып баратып, кокусунан мүдүрүлүп кетти. Аярлап сүйлөп, ар кимдин көңүлүн көтөрсөм деп, башкалардын жүрөгүн аяп жүргөн агай, өзүнүн жүрөгүн сактап кала албады. Агай менен кошо канча аруу тилектери, уулдарынын неберелеринин келечегине арналган үмүттөрү аппак бойдон кете берди. Агайдын лекцияларын суктануу менен чыдамсыздыкта күткөн студенттери да күтүү менен кала беришти.

* * * * *

Пайзылда агай Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында бир топ жыл иштеген. Кол жазмалар фондуна бир топ баалуу материалдарды тапшырган. Элдик оозеки чыгармачылык боюнча фольклордук экспедицияларга чыгып, ал элдик байлыкты топтоп, системага салып, кайрадан элдин өзүнө китеп кылып берген илимпоз болчу. Бүгүн да кол жазмалар фондунда агай өз колу менен жазып алып тапшырган эмгектер жатат. Өзгөчө Академиядан Ошко кайтардын алдында өзүнүн ордуна белгилүү фольклорист Сулайман Кайыповду сунуштаганын сыймыктануу менен айтаар эле.

* * * * *

Кыргыз элинин эпикалык ой жүгүртүүсү боюнча чоң илимий макаласын интернетке жайгаштырганын, ага ар түрдүү элдерден пикирлер келип жатканын айтып калчу. Пайзылда агай мага ОшМУнун кыргыз филологиясындагы Могикандардын эң акыркысындай сезиле берчү.

Жаштыгын, бүт өмүрүн агай факультетке берди.

* * * * *

ОшМУда «/мүт» телестудиясын ачканда Пайзылда агайдан нуска кепти, таалим тарбиянын башатын, элдин нарк насилин укканы, аны телекөрүүчүлөргө көрсөткөнү көп бардым. Агай улуттук маданиятыбыздын, ата мурастарыбыздын кенчи болчу.

* * * * *

Стилист жазуучулар менен окугандыктанбы, агайдын да өзгөчө жазма стили бар болчу. «Ош-3000» майрамына жакын агайдын өзүнүн балалыгы тууралуу жазгандары «Ала -Тоо» журналына чыккан. Ошондо агай өз башынан өткөн балалыгындагы көрүнүштөрдү ушунчалык көркөм, таасирдүү сыр боектор менен сүрөттөп бергенин окуганмын.

Агай өзүнчө эле сүрөткер болчу.

* * * * *

Кечинде: « Пайзылда агай оо дүйнө узап кетиптир» деген сөздү угуп, бир үшкүрүп алдым да, көзүмө жаш айланды. Агайды окуучулары, шакирттери эч кимибиз өлүмгө кыя албай турдук. Бул кабарга ишенгибиз келбеди. Анан агайдын ар бир кыймылы, сөзү, жасаган иштери көз алдыма тартыла берди. Анан мен эмне кылышымды билбей Ташболот агайды чакырдым. Экөөбүз бир топко агайды жоктоп, кайгырып отурдук.

* * * * *

Эртеси Ноокатка агайдын айылына - «Өрнөк» айылына жол тарттык. Буга чейин да агайдын эжеси өтүп, бул айылга келген болчубуз. Агайды акыркы сапарга узатып жатканда мен сөз сүйлөбөсөм болбойт болчу. Шакирти, жүрөгүмдө ылым санап, жакынсып жүргөн иниси катары сөз сүйлөдүм: «Агай ушул айылда төрөлүп, мектепте окуп, оор тагдырды өз башынан өткөрүп, татыктуу билим алып, өз билимин миңдеген кыргыздын улан-кыздарына берди. Агай чыныгы мугалим эле. Шакирттерин жакшы окутуп билим берди. Уулдарын мыкты тарбиялады. Күчтүү илимпоз болчу. Өрнөктүү өмүр сүрдү. Эми кайра элге эмгегин арнап бүтүп, өз айылынын, тууган жеринин топурагын жазданганы келди. Биринчи кыргыз интеллигенттеринин баарынын бешенесине ушундай тагдыр туш келди. Айылда төрөлүп, шаарда элине кызмат кылып, кайра айылына сөөгү келип, түбөлүк сапарга узатып жатабыз. Кош, асыл агайым, жараткандын жазмышына башыбызды ийбешке аргабыз жок, жаткан жериңиз жайлуу болсун. Калган өмүрүңүздү уулдарыңызга, неберелериңизге берсин, кудайым».

* * * * *

Жакында мен докторлук ишимди коргодум. Ошондо менин устаттарым Жээналы агай, Пайзылда агай кыргыз адабияты боюнча илимдин доктору болууга татыктуу инсандар эле. Ошол асыл устаттарым доктор болсо жарашат эле, аттиң деп арман кылдым. Ошол учурда алардын арбактары, рухтары келип мени колдоп жаткандай сездим. Устаттарымдын алдында башымды ийип таазим кылдым.

* * * * *

Пайзылда агай өзгөчө поэзияны, кыргыз, орус, чыгыш поэзиясын мыкты билчү. Айрым саптарын көбүнчө жатка, көркөм окучу. Өзгөчө Салижан Жигитовдун «Элегиясын» кыргыз поэзиясындагы №1 ыр деп атап:

Шуулдаба, терегим, теректерим,

Шуулдасаң ыйлагым келет менин.

Апам өлүп, артынан атам ооруп,

Айыкпаган дартынан каза болуп,

Ошондо да теректер шуулдаган

Коштошкондой көрүнөө капа болуп

Кошок айтып жаткандай созолонуп…

Өтүп барат бул заман зуулдаган,

Өтүп барат зуулдап улуу заман.

Кайрандарым а силер жатасыңар,

Терек муңун туйбастан шуулдаган.

…Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,

Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн

Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,

Терек күүсүн эшитип силер үчүн.

Шуулдаба терегим, теректерим,

Шуулдасаң ачышып каректерим

Шуу үшкүрүп, ыйлагым келет менин,--деп барып, көзүнө жаш алып, ыйлап жиберер эле. Менимче, бул ырдагы мазмун менен агайдын тагдыры үндөшүп, жуурулушуп кетсе керек. Агай, бул ырдан өзүнүн балалыгын, өзүнүн тагдырын, өз айылын, өзүнүн турмуштагы философиясын аңдап, жан дүйнө кылдары аркылуу сезип туйса керек.

Агайды жайга коюп баратып, мүрзөнү айланып турган теректерди көрдүм. Көз алдыма агайдын элеси келип:

Шуулдаба терегим, теректерим,

Шуулдасаң ыйлагым келет менин, - деген агайдын үнү кулагыма жаңырып турду.

Исаков Каныбек

филология илимдеринин доктору, профессор

6274 14:45 06-05-2016

                 

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< >|