Новости

Ант берүү аземи

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратынын алдында 27-июнь күнү медицина факультетинин "Дарылоо иши", "Фармация", "Педиатрия", "Стоматология", "МПД" адистиктеринин бүтүрүүчү студенттеринин «Гиппократтын антын ичүү» аземи болду. Салтанаттуу кечени ачылышында КРнын гимни менен башталып, келечектеги өмүр сакчыларын куттуктап университеттин биринчи проректору Расул Абазбек уулу, факультеттин деканы А.А.Исмаилов баштаган деканат жамааты, кафедра башчылары, мугалимдер, ата-энелер жана атайын чакырылган коноктор катышып, сөз сүйлөп келечекте КРнын саламаттык сактоо тармагында талыкбай кызмат кылуусун жана медицина илимдеринин кандидаттары, дорторлору, профессорлор чыгып факультеттин,университеттин аброюн бийик көтөргөн даарыгерлер болуусун каалап өтүштү. Ошондой эле салтанатта бүтүрүүчүлөр да өз каалоо-тилектерин билдиришип, окуткан устаттарына, медицина факультетинин жамаатына ыраазычылык сөздөрүн жолдошту. Кеченин экинчи бөлүгүндө бүтүрүүчүлөр «Гиппократтын антын берип» андан соң окуудагы ийгиликтери жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттеге грамоталар тапшырылды. Белгилей кетсек: Быйылкы окуу жылында медицина факультетинде Даарылоо иши адистигинде 267 Педитрия адистигинде 38 Стоматология адистигинде 98 Медико-профилактикалык иши адистигинде 13 жалпысынан 416 студент бүтүрдү.
3360 10:57 29-06-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|