Новости

Олимпиада

Медицина факультети ички оорулар дисциплинасы боюнча КММАда өткөн М.М. Миррахимовдун 90-жылдыгына арналган илимий конференциянын алкагында өткөрүлгөн Миррахимовдук универсиадада доцент У.Б. Шерматованын жетекчилигинин астында, 5-6-курстун алдынкы студенттеринен түзүлгөн “aVL” командасы менен катышып 3-орунду ээледи. Өткөрүлгөн универсиада “Научные бои” форматында болуп, факультеттин студенттери билимин жогорку деңгээлде көрсөттү да ошону менен бирге чоң жана кайталангыс тажрыйба алышты. Команданы даярдоодо “Ички оорулар №1, №2 №3 кафедралары көмөк көрсөтүп, айрыкча “Ички оорулар №2 кафедрасынын профессору Мамасаидов А.Т. өзүнүн эбегейсиз чоң билимин бөлүшүп, команданы билим жагынан гана эмес, илим жагынан да окутуп өркүндөттү. Медицина факультетинин деканы, доцент А.А.Исмаилов конференцияда ийгиликтүү катышып келген студенттердин I, II, III даражадагы дипломдорун тапшырды.
2560 11:31 22-05-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|