Новости

Медицина факультетинин 5-курсунун ата-энелери менен жолугушуу

2018-жылдын 12- апрелинде ОшМУ нун медицина факультетинин деканатынын демилгеси менен аталган факультеттин “Дарылоо иши” адистигинин 5-курсунун студентеринин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга факультеттин деканы А.А. Исмаилов, анын окуу иштери боюнча орун басарлары, кафедра башчылары жана ата-энелер катышышты. Жолугушууда А.А. Исмаилов медицина факультети жонундо кыскача маалымат берди жана факультеттеги учур талабына жараша болуп жаткан озгоруулоруно, студенттердин жетишкендиктерине, ийгиликтерине токтолду. Жолугушууда окуу процессинин учурдагы абалы, студенттердин турмуш шарттары, тарбиялык иштер, коомдук иштер жана студенттик мобилдүүлүк сыяктуу маселелер каралды. Ошондой эле ата-энелер тарабынан тушкон суроолор боюнча факультеттин деканы Өкмөттүн 2017 жылдын 11 декабрында чыккан № 798 токтому (“Кыргыз Республикасында медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндөгу” Өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү) жөнундө так маалымат берди. Оз учурунда ата-энелер да жогоруда айтылган маселелер боюнча оздорунун ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.
2381 11:12 17-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|