Новости

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан иш сапары менен келген коноктор

2018-жылдын 8-11-апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын "Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомия" кафедрасынан кафедра башчысы м.и.к., доцент Абаева Тамара Сураналиевна, доценти Сатвалдыев Масалбек Абдылдаевич жана Смаилов Кубат Смаиловичтер медицина факультетине иш сапары менен келишти. Алар медицина факультетинин "Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен" кафедрасынын "Адам таануу" музейиндеги анатомиялык экспонаттарды жаны суюктуктарга алмаштырууга усулдук жактан жакындан көмөк көрсөтүштү жана факультеттин бардык адистиктеринин 1-2 курстарына "нормалдуу анатомия" жана "топографиялык анатомия" предметтери боюнча обзордук лекцияларды окушту.
4892 13:16 14-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|