Новости

5-6-курстун студенттери менен жолугушууу

2018-жылдын 3-апрелинде жана 5-апрелинде ОшМУнун медицина факультетинин деканы А.А. Исмаилов, анын окуу иштери боюнча орун басары Т.Н. Анаркулов, ОшМУнун медициналык клиникасынын директору Р.К.Калматов жана ОшМУнун дипломдон кийинки билим берүү факультетинин деканы А.А. Момуновалар аталган факультеттин “Дарылоо иши” адистигинин 5-6-курстарынын студентери менен жолугушушту. Жолугушууда окуу процессинин учурдагы абалы, өндүрүштүк практикалардын уюштурулушу, студенттик мобилдүүлүк сыяктуу маселелер талкууланды. Ошондой эле студенттерге Өкмөттүн 2017-жылдын 11-декабрында чыккан № 798 токтому (“Кыргыз Республикасында медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндөгү” Өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү) жөнүндө маалымат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышты.
2228 15:15 06-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|