Новости

Медицина факультетинин 2-курсунун ата-энелери менен жолугушуу

2018-жылдын 13-мартында ОшМУнун Медицина факультетинин 2-курсунун ата-энелери менен «Ата-эне – ОшМУ – Студент» деген темада жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу аземи студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен башталды. ОшМУнун социалдык жана тарбия ишери боюнча проректору Колдошов Түмөнбай Рахманович “Ош мамлекеттик университети билим берүүнүн сапатын эл аралык стандартка жеткирүү” деген темада баяндамасын баяндады. Андан соң факультеттин деканы м.и.к., доцент А.А.Исмаилов медицина факультетиндеги окуу-тарбия иштери боюнча баяндама жасап, акыркы болуп жаткан өзгөрүүлөр жана жетишкендиктерди белгилеп өттү. AVN системасындагы рейтинги эң жогорку болгон 22 студенттин атын атап, алардын ата-энелерине ыраазычылык каттарын тапшырды. Ата-энелерге сурамжылоо барактары таркатылып, андан кийин ата-энелер комитети түзүлдү. Жолугушуудан сон ата-энелер окуу корпустары, кафедралар менен таанышып чыгышты жана ыраазычылыктарын билдирип кетишти.
2388 15:37 15-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|