Новости

АнММИден келген конок студенттер

Андижан мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия, дарылоо иши, стоматология адистиктеринде 4-5-курстарда окуган 10 студентин ОшМУнун өкүлдөрү менен биргеликте бүгүн “Достук” чек ара бекетинен тосуп алдык. Биздин медицина факультетинин 10 студентин дагы Андижан шаарына 10 күн окуп келүүгө узаттык. Аларды университеттин профилакторийине жайгаштырдык. Бул жерде алар 10 күн бою 3 убак ысык тамак менен камсыздалып, врачтардын көзөмөлүндө болуп, өз саламаттыктарын дагы чыңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмакчы. Келген конок студенттер Ош МУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору А.О. Абдувалиевдин кабыл алуусунда болушту. Жолугушууда проректор бүгүнкү иш-чараны АнММИ менен ОшМУнун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде аткарылып жаткан алгачкы иш-аракет экендигин белгилеп, алдыда эки окуу жай тыгыз кызматташтыкта көптөгөн пландарды ишке ашыра тургандыгын билдирди жана мейман студенттерибизге аз убакыттын ичинде ОшМУда татыктуу билим алып, жакын жоро-жолдош таап, бактылуу эсте каларлык студенттик күндөрдү өткөрүп, эсен-аман өз окуу жайларына кайтып кетүүлөрүн каалады. Жолугушуудан соң медицина факультетинин окуу корпусу, анатомиялык музейи, медициналык клиникасы менен таанышып чыгышты. Алардын биринчи күнү жайгашуу, таанышуу жана жолугушууларга арналды. Он күндүн ичинде келген студенттерибиз факультеттин алдыңкы тажрыйбага ээ билим берүү системасы, заманбап лабораториялар, окуу корпустары, электрондук окутуу жараяны менен таанышып, профессор окутуучуларыбыздын тамшандырган сабактарына катышып, билим, тажрыйба топтоп кетишмекчи.
2594 12:21 13-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|