Новости

Андижан мамлекеттик медициналык институтунан келген делегация Медицина факультетинде

Медицина факультетине 22-январь күнү Андижан мамлекеттик медициналык институтунун ректору, м.и.д., профессор Мадамин Мадазимов, институттун окуу иштери боюнча проректору, м.и.д., профессор Иброхим Алимджанов, эл аралык байланыштар боюнча проректору Камолиддин Салахиддинов, квалификацияны жогорулатуу жана кадрды кайра даярдоо факультетинин деканы Хатам Турсуновдор атайын иш сапар менен келишти. Иш сапардын алкагында делегация медицина факультетинин анатомиялык музейи, медициналык клиниканын заманбап инфраструктурасы, виртуалдык лабораториясы, стоматологиялык клиникасы менен таанышып, заманбап инфраструктурада сапаттуу билим алууга болгон шарттарга жогорку баасын беришти. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында медицина тармагында өз ара кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, студент, ординат, докторанттарды академиялык мобилдүүлүк багытында алмашуу, окутуучулардын, илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрүн жүргүзүү, илимий конференцияларды, стажировкаларды уюштуруу, студенттик фестивалдарды, спорттук иш чараларды өткөрүү боюнча сүйлөшүшүп, эки тараптуу келишимдерге кол коюшту. Белгилей кетсек, 1955-жылдан тартып медицина тармагында билим берип келе жаткан Андижан мамлекеттик медициналык институтунда учурда 6 багыт боюнча 3000ден ашуун студент билим алышат.
2759 13:08 26-01-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|