"Кесиптик билим берүүдө комплектүүлүк мамилеге ылайык окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана технологияларды пайдалануу" тренинг-семинары медицина факультетинде өткөрүлдү.
12:27
Тренинг-семинардын максаты угуучуларды аракеттеги мамлекеттик билим берүү стандарты менен иштөөгө, комплектүүлүк мамиледе окуу-методикалык документтерди жана заманбап сабактардын иштемелерин түзүүгө даярдоо болду.
1-модуль- (15.01.2018) Кесиптик билимдин мамлекеттик мамлекеттик билим берүү стандарттары (МББС), өзгөчөлүгү, структурасы, принциптери. МББСнын талаптары.
Негизги билим берүү программаларын (НББП)долборлоо. НББПнын структурасы. (тренер-Алтыбаева М.А.,Маматова А.)
2-модуль-(16.01.2018) Компетентүүлүк мамиледе түзүлгөн дисциплинанын окуу-методикалык комплекси (ОМК): өзгөчөлүгү, структурасы, дисциплинанын компетенциялар картасы. Сабактын түрлөрү боюнча максаттарды аныктоо. (тренер-Алтыбаева М.А., Маматова А.)
3-модуль - (17,18.01.2018) Компетенцияларды калыптандыруучу технологиялар. Аларды сабактын түрдүү формаларында жана этаптарында колдонуу.(тренер-Асанбекова Дж.)
4-модуль - (19,20.01.2018) Студенттердин билимин баалоо, баалоонун түрлөрү, колдонулушу, методдору. Баалоо критерийлери. Баа коюу. Баанын функциялары. (тренер-Асанбекова Дж.)
5-модуль - (22.01.2018) Окутууда информациялык-компьютердик технологияларды пайдалануу. Интерактивдүү доска. Интерактивдүү досканы иштетүү менен өтүлүүчү сабактын иштелмеси. Окуу программаларын колдонуу. Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн окутууда пайдалануу. (тренер-Аркабаев Н.)
6-модуль -(23.01.2018) Сапаттын ички жана тышкы кепилдик системалары. Программалык аккредитациянын критерийлери. (тренер-Алтыбаева М.А., Осмонова А.А.)
"Агартуу академиясы" коомдук фондунун аткаруучу директору-Аттокурова А.Дж.
4198 12:27 26-01-2018