Новости

Медицина факультетинде “Мыкты лектор - 2017”, “Мыкты окутуучу - 2017” сынактарынын жыйынтыктары чыгарылды

2017- жылдын ноябрь, декабрь айларында ОшМУнун “Мыкты лектор – 2017”, “Мыкты окутуучу - 2017” сынактарынын кафедралык жана факультеттик деңгээлдеги баскычтык сынактары медицина факультетинин кафедраларында өткөрүлүп, жыйынтыгында мыктылар аныкталды. Факультеттин Окуу-усулдук Кеңеши тарабынан уюштурулган факультеттик деңгээлдеги баскычка жалпысынан 8 окутуучу катышып (Садырова М., Ажикулова В., Абдуллаева К., Усупбекова Т., Сапарбекова Р.А., Шерматова У.Б., Айтиева Ж., Мамажакып у. Чынгыз), жеңүүчүлөр атайын комиссиянын чечими менен тандалып алынды. Жыйынтыгында “Мыкты лектор - 2017”, “Мыкты окутуучу - 2017” сынактарынын университеттик деңгээлдерине катышууга Сапарбекова Р.А., Шерматова У.Б., Мамажакып у. Чынгыз сунушталышты.
2204 10:29 23-12-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|