Новости

«АДАМДЫК МАМИЛЕЛЕРДИ ӨРКҮНДӨТҮҮ» ЖЫЛЫНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

ОшМУда 2017-2018 – окуу жылы «Адамдык мамилелерди өркүндөтүү жылы» деп белгиленгендигине байланыштуу Ата Мекенди сүйүү, жаратылышка аяр мамиле жасоо сыяктуу бийик инсандык касиеттерди калыптандыруу жана өркүндөтүү, ийгиликке жетүүнүн сыры – максатты туура койуу, ага жетүүнүн так планын түзүү жана талыкпаган эмгек экендигин жаштарга жайылтуу максатында «Мугалим – сиз үлгүсүз» деген темада факультеттик иш-чаралар уюштурулду. Аталган иш чаранын негизинде дүйнө элдеринин философиялык сөз берметтерин камтыган плакаттар тизмеги факультеттин бардык кафедраларында илинди. Иш чаралар алкагында 2017-жылдын 12-декабрынан баштап ОшМУнун студенттик жатаканаларында деканат, кураторлор тарабынан атайын күзөт графиктери түзүлүп бекитилди. Бөлүнгөн график боюнча жатаканада жашаган студенттер менен байма-бай жолугушуп, ички ой-толгоолорун педагог катарында бөлүшүп, дарыгердик кесиптин гуманизмге сугарылуусу экендигин түшүндүрүү, студенттердин абалы менен таанышуу, майрам күндөрү ички тартип маселесине көңүл буруу, алар менен кызматташтыкты бекемдөө иш-чаралары деканат мүчөлөрү, кураторлор тарабынан ишке ашырыла баштады.
2468 12:56 18-12-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|