Новости

12.12.2017

Медицина факультетинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган "Атагын көрчү тарыхтан, асыл жан элең даанышман" аттуу адабий кече болуп өттү.Анда медицина факультетинин таланттуу студенттери тарабынан заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр коюлуп, улуу жазуучунун элесине арналган ырлар көркөм окулуп, музыкалык номерлер аткарылды. Адабият күнүнө арналган иш чаралардын алкагында мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн чыгармачыл студенттерди дипломдор менен сыйлоо аземи уюштурулду. Кечеге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын Ош жана Жалал-Абаддагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун кызматкери Эркайым Маматкерим кызы катышты.
1785 10:32 13-12-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|