Новости

Медицина факультетинде БИЛИМ күнү белгиленди

2017-жылдын 4-сентябрында ОшМУнун медицина факультетинде БИЛИМ күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, профессордук-окутуучулук курам жалпы студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташты. Алгачкы сөз ОшМУнун экономика жана тышкы байланыштар боюнча проректору, доцент А. Абдувалиевге берилип, өз сөзүндө ректорубуз профессор К. Исаковдун салтка айланган жалпы жамаатка атайын КАЙРЫЛУУСУ менен тааныштырып, жалпы катышуучуларды ОшМУнун “Даңк” орденин алышы менен куттуктады. Медицина жана эл аралык медицина факультетинин жалпы профессордук окутуучулук курамынын атынан декандар: доцент А.А. Исмаилов, профессор Ж.К. Муратов, кафедра башчылары: проф. И.Т. Тайчиев, проф. Т.М. Мамаев, доц. З.А. Нуруева, доц. Дж.А. Уметова, доц. А.К. Раззаков, доц. Ш.Т. Беркмаматов, доц. С.М. Маматова жана доц. А.А. Нишановдор студенттер үчүн каалоо-тилектерин билгизишип, келечек кесип ээлерине акыл-насааттарын айтып өтүштү. Жыйындын соңунда 1-курстун студенттери үчүн окуу-тарбия иштери боюнча консультациялар берилип, атайын даярдалган киришүү лекциялары окулду (Саттаров А.Э., Айтиева Ш.Дж., Сакибаев К.Ш., Пакыров Ж.К.).
3088 12:25 06-09-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|