Новости

ОшМУнун илим жумалыгынын алкагында медицина факультетинде профессор М.А.Арстанбековдун 70 жылдык мааракесине арналган XXII студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

2017-жылдын 10-май күнү ОшМУнун илим жумалыгынын алкагында медицина факультетинде профессор М.А.Арстанбековдун 70 жылдык мааракесине арналган XXII студенттик «Өрнөктүү өмүр” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, профессор И.Г.Кенжаев, илим жана аспиратура бөлүмүнүн башчысы доцент, Г.М Анарбаева, КГМАнын профессору А.А. Асанбаев, факультеттин деканы, доцент А.А.Исмаилов, кафедра башчылары деканаттын толук курамы,кафедралардын илимий иштербоюнча жооптуулары жана студенттер катышты.

Алгач факультеттин деканы, доцент А.А.Исмаилов профессор М.А.Арстанбековдун өмүр баянына, медицина чөйрөсүндө сиңирген албан тоодой эмгектерине токтолуп, жаш илимпоздор жана келечектеги өмүр сакчылары кызматын аркалоо максатында билим алып жаткан жаш муундар үчүн үлгү болоорлук инсан экендигин бергилей кетти.

ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, профессор И.Г.Кенжаев профессор М.А.Арстанбековдун учкан куштай өнүгүп бара жаткан медицина факультети анын ичинде түштүк жергесинде стоматология адистигин ачып аны түптөөгө кошкон зор салымымына теңири толтолсо, профессор Ж.Ж. Жээнбаев Маматжан Арстанбековичтин студент курагында билим алуугу ынтызаар, дилгир, көздөгөн максатына жетүүгө болгон күч аракетин жумшаган эң алдыңкы студент болгондугун баса белгилеп өттү, о, э профессор Р.Дж.Джолдубаев, доцент, Г.М Анарбаевалар куттуктоо сөз сүйлөп, студенттер тарабынан профессор М.А.Арстанбековдун өмүр таржымалынан баяндама жасалды.

Пленардык жыйындан соң 2 секцияга бөлүнүп иштеп жалпысынан 26 илимий баяндама жасалды.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча XXII студенттик илимий конференциянын резолюциясы кабыл алынып, илимий баяндамалар үчүн I II III даражадагы дипломдор ар бир катышуучуга сертификаттар жана конференцияга активдүү катышкандарга “Ардак Грамоталар” тапшырылды.

Эскерте кетсек: Бул конференция декандын илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары, доцент У.Б. Шерматова жана СНО тарабынан уюштурулду.

3830 15:59 11-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|