Новости

Кесипке багыт берүү иш аракетинин алкагында Ош шаарындагы №41- Хабиб Абдуллаев мектебинин бүтүрүүчүлөрү менен факультеттин деканы, доцент А.А.Исмаилов жоолугушуу өткөрдү.

Кесипке багыт берүү иш аракетинин алкагында 27-апрель күнү медицина факультетинин деканы, доцент А.А.Исмаилов жана декандын тарбия иштери боюнча орун басары, улук окутуучу А.Э.Саттаров Ош шаарындагы №41- Хабиб Абдуллаев мектебине барып 9-11-класстын окуучулары менен жоолугушту.

Жоолугушуунун жүрүшүндө мектеп окуучуларына медицина факультети акыркы 5 жыл аралыгында университет тарабынан көп көңүл бурулуп, студентердин билим алуусуна заманбап шарттар түзүлдү, бир убакта ОшМУнун 2 медициналык клиникасы ишке берилип, «Виртуладык клиника» , «Окуу лабораториялык корпус» түзүлдү. Студенттер үчүн китеп кана акысыз интернет түйүнү менен камсыздалган. Медицина факультетти шаардык, областык ооруканалар менен тыгыз иш алып барат жана студенттер академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Кытай Эл Республикасы, Турция, Германия өңдүү дүйнөнүн ири өлкөлөрүнүн клиникаларында өз билимдерин тереңдетүүгө шарттар түзүлгөн.Медицина факультетинде экзамендер көз карандысын тестирлөө борборунда алынып, коррупциялык тобокелчилике бөгөт коюлган деди өз сөзүндө факультеттин деканы, доцент А.А.Исмаилов.

Ошондой эле 11-май күнү ОшМУда өткөрүлүүчү «Билим майрамына» катышып жактырган кесиптери боюнча кеңири маалымат алып кетүүгө чакырып, медицина факультетинин маалымат китепчеси таратылды.

3224 13:11 27-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|