Новости

"Жалпы клиникалык биохимия жана патофизиология" кафедрасы тарабынан КВН олимпиада болуп өттү

Медицина факультетинин «Жалпы клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасы тарабынан студенттерге окуудан тышкары маданий эс алуусун жана чыгармачылык жөндөмдөрүн арттыруу максатында «Патофизиология» предметинен КВН олимпиада даярдалып, Эл аралык медицина факультетинин базасына жалпыга тартууланды.

КВНге дарылоо иши, педиатрия адистигинин студенттеринен куралган 8 команда катышып, 5 турдан туруп натыйжада жалпы жыйынтык боюнча дарылоо иши адистигинин 2-курсунун студенттеринен түзүлгөн «Иммунитет» командасы I орун, Лк-10-15 тайпасынын студенттеринен түзүлгөн «Медфактын балдары» командасы II орун жана Лк-11-15а тайпасынын «Нормостеники» командасы III орунду ээледи.

Жалпы катышуучулардын атынан Жалпы клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын доценти Р.К.Калматовду мед. илимдеринин доктору диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен куттуктап, ыраазычылык кат тапшырышты.

Жалпы студенттер жана уюштуруучулардын айтуусунда бул жылкы КВН олимпиада башка жылдагы конкурстардан айырмаланып мыкты деңгээлде өткөндүгүн айтышты.

Эскерте кетсек: КВН олимпиада Жалпы клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын окутуучусу Эртегин Байгашкаев жана дарылоо иши адистигинин 3-курсунун студенттери Рахим Кахраманов, АбуБакир Кодирбековдор тарабынан уюштурулду.

3311 09:11 25-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|