Новости

Ноокат районунун «Арбын» орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү медицина факультети менен таанышып чыгышты.

Ноокат районунун «Арбын» орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү кесипке багыт берүү иш аракетинин алкагында медицина факультети менен таанышып чыгышты.

Окуучуларды декандын тарбия иштери боюнча орун басары, улук окутуучу А.Э. Саттаров тосуп алып «Виртуалдык лаборатория», медициналык клиника, окуу лабораториялык корпус, «Анатомиялык музей» факультеттин окуу корпусу менен тааныштырып чыгып, адистиктер жөнүндө кеңири маалымат берип, окуучуларды кызыктырган суроолоруна жооп берди.

2521 10:18 22-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|